Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-июлу №527 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Иштелип бүткөн отун менен иштөөнүн коопсуздугу жөнүндө жана радиактивдүү калдыктар менен иштөөнүн коопсуздугу жөнүндө 1997-жылы 5-сентябрда Вена шаарында кол коюлган Бириккен конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Эл аралык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана өлкөнүнэкологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Иштелип бүткөн отун менен иштөөнүн коопсуздугу жөнүндө жанарадиактивдүү калдыктар менен иштөөнүн коопсуздугу жөнүндө 1997-жылы 5-сентябрда Вена шаарында кол коюлган Бириккен конвенцияга КыргызРеспубликасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбоору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министрининорун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттикагенттиктин директорунун орун басары көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорунКыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын. Премьер-министр Ф.Кулов