Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 20-июлу №529
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына
байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев
тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 15
жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна тиркелген корутундуну эске алуу менен макулдук
берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына
байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз
Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына байланыштуу мунапыс
берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып аны
кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен
макулдук берет.
1. Мыйзам долбоорунун 1-статьясы анын колдонулушу жайылтыла турган
адамдардын категорияларын аныктайт, ошол эле убакта ушул статьянын "в"
жана "ж" пунктчалары укуктук нормалардын түзүлүш логикасын жана
нормативдик актыны баяндоо системасын бузган чектөөлөрдү камтыйт,
ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү сунуш кылабыз:
- 1-статьянын "в" пунктчасындагы "жана атайылап өлтүрбөгөн" деген
сөздөр алып салынсын;
- "ж" пунктчасы алып салынсын, анткени "2005-жылдын 24-мартындагы
жана 17-июнундагы окуялар" деген түшүнүк практикада субъективдүү
чечмелениши мүмкүн. Укуктук көз караштан алганда мыйзам долбоорунун
колдонулушуна туура келүүчү "окуялардын катышуучулары" болгон
адамдардын категорияларына сунушталган аныктама аны колдонууда гана
эмес, ошондой эле мүмкүн болуучу бардык кыянат менен пайдаланууларга
да алып келиши ыктымал. Мындан тышкары 2005-жылдын 24-мартында жана 17-
июнунда республиканын аймагында башка дагы оор жана өзгөчө оор
кылмыштар жасалган, ушуга байланыштуу "ж" пунктчасынын маанисине
таянуу менен аларды жасаган адамдар кылмыш жазасынан бошонуп кетишет.
Мыйзам долбоорунун 1-статьясын төмөнкүдөй мазмундагы "ж" -"и"
пунктчалары менен толуктоону сунуштайбыз:
"ж) оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарды кошпогондо СССРдин
жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча согуштук
аракеттерге, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин
жоюуга катышкан адамдар;
з) уурдоолордун ыкмасына жана кылмыштан келтирилген зыяндын
өлчөмүнө карабастан экономикалык иш-аракет чөйрөсүндө кылмыш жасаган
адамдар, эгерде мындай кылмыш үчүн жазалоо мөөнөтү беш жылдан ашпаса,
эгерде зыян толугу менен ордуна келтирилсе;
и) бул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн
мөөнөт кеминде үч жылды түзгөн адамдар;
к) биринчи жолу анча чоњ эмес жана өтө оор эмес кылмыш жасаган
адамдар;".
2. 2-статья мыйзам долбоорунун 1-статьясынын талаптарына каршы
келет, анткени анын колдонулушун 1-статья менен чектелген адамдардын
категориясына эмес, анча чоњ эмес жана өтө оор эмес кылмыш жасаган
адамдарга да жайылтат, ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 2-статья алып салынсын.
3. "Мунапыс жана кечирим берүүнүн жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясында сот тарабынан дайындалган
жаза мөөнөтүнө карабастан оор жана өтө оор кылмыш жасаган адамдарга
мунапыс актысын колдонууга жол берилбейт. Ушуга байланыштуу мыйзам
долбоорунун 4-статьясына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык
кодексинде каралган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын төмөнкүдөй
түрлөрүн кошумча киргизүү зарыл:
- инсандардын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы
кылмыштар - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 123 жана
124-статьялары;
- инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине
каршы кылмыштар - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 130-
131-статьялары;
- экономикалык иш-аракет чөйрөсүндөгү кылмыштар - Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 183-статьясынын үчүнчү бөлүгү;
- калктын ден соолугуна жана коомдук адептүүлүккө каршы кылмыштар -
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 249-статьясы, 250-
статьясынын экинчи бөлүгү, 252-статьясы, 254-статьясынын үчүнчү
бөлүгү, 260-статьясы, 261-статьясы;
- кызматтык кылмыштар - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык
кодексинин 304-305-статьялары.
Мыйзам долбоорунун 4-статьясынын б) пунктчасы менен амнистия
актысынын колдонулушу иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык
кодексинин "Бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды колдонууга
тартуу" деген 249-статьясында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык
кодексинин "Бањгилик заттарды камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана
өстүрүү" деген 250-статьянын экинчи бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жазык кодексинин "Бањгилик каражаттарды же психотроптук
заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү" деген 252-
статьясында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин "Күчтүү
таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз
жүгүртүү" деген 254-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган бањги
заттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө кылмыш жасаган жашы жетелек
адамдарга колдонулат, алар оор кылмыштардын категорияларына
киргизилген. Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 4-статьянын "а" пунктчасынын колдонулушу 1-статьяда саналган
адамдардын бардык категорияларына колдонулсун;
- 4-статьянын "б" пунктчасы алып салынсын.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинде "өзгөчө коркунучтуу
рецидивист" деген түшүнүк жоктугунан улам төмөнкүнү сунуш кылабыз:
- 4-статьянын "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "в)
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 16-статьясынын үчүнчү
бөлүгүндө каралган өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыш жасаган
адамдарга жана Кыргыз ССРинин 1960-жылдын 29-декабрындагы кийин
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген Кылмыш кодекси боюнча өзгөчө
коркунучтуу рецидивисттер деп табылган адамдарга.".
4. Мыйзам долбоорунун 5-статьясынан төмөнкүлөр алып салынсын:
- "а" пунктчасы, анткени ал мыйзам долбоорунун 2-статьясына каршы
келет;
- "в" жана "д" пунктчалары, анткени мыйзам долбоорунун 5-
статьясынын "б" пунктчасына каршы келет.
5. 6-статьянын "в" пунктчасында "мунапыс" деген сөз "мунапыс
актысы" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. Мыйзам долбоорунун 14-статьясында төмөнкүлөр алып салынсын,
анткени бул нормалар мыйзам долбоорунун 20-статьясына каршы келет:
- "а" пунктчасында "бир айдын ичинде" деген сөздөр;
- "б" пунктчасында "эки айдын ичинде" деген сөздөр.
7. "Мунапыс жана кечирим берүүнүн жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык мунапыс актысын
колдонуу материалдык зыяндын ордун толук толтуруп берүү менен
шартталат. Ошону менен бирге мыйзам долбоору мунапыс актысын колдонуу
шарты катарында кылмыш тарабынан келтирилген зыяндын ордун толук
толтурууну атайын белгилөөчү нормаларды камтыбайт, ушуга байланыштуу
мындай нормаларды мыйзам долбооруна киргизүүнү сунуштайбыз.
8. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин
70-статьясын көњүлгө алуу менен мыйзам долбоорун "Мунапыс жана кечирим
берүүнүн жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
5-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык жеткире иштеп
чыгууну сунуш кылабыз.
Премьер-министр Ф.Кулов