Документке
Мурунку21.07.2006
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 21-июлундагы № 531                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                                             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине                    өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө                                      "Аскер  кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансы  полициясыоргандарынын,   атайын   байланыш  кызматынын,  кылмыш-жазык   аткаруусистемасынын,  бањги заттарды контролдоо боюнча органдардын  катардагыжана  башкаруучу  курамдын адамдарына, алардын  үй-бүлөлөрүнө  иштегенжылдарын  эсептөөнун,  пенсиялар менен пособиелерди  дайындоонун  жанатөлөөнүн    тартиби   жөнүндө   жобону   бекитүү   тууралуу"    КыргызРеспубликасынын  Өкмөтүнүн  1995-жылдын 13-январындагы  №  12  токтомуменен   бекитилген  Аскер  кызматчыларына,  ички  иштер  органдарынын,финансы  полициясы  органдарынын, атайын байланыш кызматынын,  кылмыш-жазык   аткаруу   системасынын,  бањги  заттарды   контролдоо   боюнчаоргандардын катардагы жана башкаруучу курамдын адамдарына, алардын үй-бүлөлөрүнө  иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсиялар менен  пособиелердидайындоонун  жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй  өзгөртүүкиргизилсин:   - 7-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын.   2.      "Бажы   органдарынын  кызматкерлерине  жана   алардын   үй-бүлөлөрүнө  кызмат  өтөгөн жылдарын эсептөөнүн,  пенсия  жана  пособиечектөөнүн  жана  төлөөнун  тартиби жөнүндө  Жобону  бекитүү  тууралуу"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-июнундагы № 313 токтомуменен  бекитилген Бажы органдарынын кызматкерлерине жана  алардын  үй-бүлөлөрүнө  кызмат  өтөгөн жылдарын эсептөөнүн,  пенсия  жана  пособиечектөөнүн  жана  төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобого  төмөнкүдөй  өзгөртүүкиргизилсин:   - 6-пункттун экинчи суйлөмү алып салынсын.   3.       Кыргыз   Республикасынын   Коргоо   министрлиги,    КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын  Өзгөчөкырдаалдар  министрлиги, Кыргыз Республикасынын  Юстиция  министрлиги,Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча),Кыргыз  Республикасынын Финансы прлициясы кызматы (макулдашуу боюнча),Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы (макулдашуу боюнча),Кыргыз  Республикасынын  Чегара кызматы  (макулдашуу  боюнча),  КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы, КыргызРеспубликасынын  Банги  заттарга контролдук кылуу  боюнча  мамлекеттикагенттик  (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын  Транспорт  жанакоммуникациялар министрлигинин "Атайын байланыш" мамлекеттик  ишканасыинфляцияны  эсепке албастан, пенсиялардын өлчөмдөрүн  2005-жылдын  13-июлунан  тартып кайра эсептөө жүргүзүшсүн жана аларды жањы  өлчөмдөрдөтөлөөнү камсыз кылышсын.   4.     Кыргыз  Республикасынын Экономика жана  финансы  министрлиги"Аскер   кызматчыларын   пенсия  менен   камсыздоо   жөнүндө"   КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык пенсия алышкан пенсионерлерге "КыргызРеспубликасынын  2006-жылга  республикалык  бюджети  жөнүндө"   КыргызРеспубликасынын   Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү   киргизүү   аркылуу   жањыөлчөмдөрдө   пенсияларды  төлөөгө  Кыргыз  Республикасынын   Социалдыкфондуна кошумча ассигнование бөлсүн.   5.      "Бажы   органдарынын  кызматкерлеринин  жана  алардын   үй-бүлөлөрүнүн иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсияларды жана пособиелердидайындоонун  жана  төлөөнүн  тартиби  жөнүндө  Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтүнүн  2000-жылдын  1-июнундагы №  313  токтому  менен  бекитилгенЖобого  өзгөртүү  киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн2002-жылдын 10-октябрындагы № 696 токтому күчүн жоготту деп табылсын.   6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.   7.  Бул  токтомдун  аткарылышын контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремъер-министринин  Аппаратынын  социалдык  жана  маданий   өнүктүрүүбашкармалыгына  жана  коргонуу  жана  укуктук  тартип  иштери   боюнчабөлүмүнө жүктөлсүн.         Премьер-министр                               Ф.Кулов
Жаңы07.10.2026

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 21-июлундагы № 531

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-октябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, кылмыш-жазык аткаруу системасынын, бањги заттарды контролдоо боюнча органдардын катардагы жана башкаруучу курамдын адамдарына, алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнун, пенсиялар менен пособиелерди дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, кылмыш-жазык аткаруу системасынын, бањги заттарды контролдоо боюнча органдардын катардагы жана башкаруучу курамдын адамдарына, алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсиялар менен пособиелерди дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 7-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-октябрындагы № 674 токтомуна ылайык күчүн жоготот)

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Финансы прлициясы кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Банги заттарга контролдук кылуу боюнча мамлекеттик агенттик (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Атайын байланыш" мамлекеттик ишканасы инфляцияны эсепке албастан, пенсиялардын өлчөмдөрүн 2005-жылдын 13-июлунан тартып кайра эсептөө жүргүзүшсүн жана аларды жањы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алышкан пенсионерлерге "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жаңы өлчөмдөрдө пенсияларды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кошумча ассигнование бөлсүн.

5. "Бажы органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсияларды жана пособиелерди дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-июнундагы № 313 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-октябрындагы № 696 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2006-жылдын 25-июлундагы № 54 саны менен жарыяланды

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премъер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жана коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ф.Кулов