Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 24-июлундагы № 536
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Каракече көмүр кенинде конденсациялык жылуулук
электр станциясын куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, электр
энергиянын экспорттук потенциалын арттыруу, өлкөнүн калкын жана өнөр
жайын электр энергиясы менен сапаттуу камсыз кылуу, ошондой эле жањы
өндүрүштөрдү ачуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Электр энергиянын базалык булагы катары Каракече көмүр кенинде
конденсациялык жылуулук электр станциясын этап-этабы менен куруу
жөнүндө "Борбордук Азиянын суу-энергетикалык ресурстарынын жана суу
пайдалануунун проблемаларын изилдөө институту" эл аралык коомдук
фонддун жана "Энергия" кыргыз илимий-техникалык борборунун сунушу
жактырылсын.
2. Каракече көмүр кенинде жогорку вольттуу электр өткөргүч линиясы
менен келечектеги конденсациялык жылуулук электр станциясы Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик маанидеги объектиси болуп эсептелсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Каракече көмүр кенинде конденсациялык жылуулук электр станциясын
куруу ачык тендер өткөрүү же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
инвестордун ортосунда инвестициялык макулдашуу түзүп, аны кийин Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан ратификациялоо аркылуу ишке
ашырыла тургандыгы;
- инвестор тарабынан техникалык-экономикалык негиздемени каржылоо
ага Каракече көмүр кенинде конденсациялык жылуулук электр станциясын
куруу боюнча ачык тендер өткөрүүдө же инвестициялык макулдашуу түзүүдө
артыкчылык бере тургандыгы.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов