Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 24-июлу № 537 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында Борбордук Азиянын экономикасы үчүн БУУнун атайын программасын (СПЕКА) ишке ашыруу менен байланышкан маселелер жөнүндө СПЕКА программасынын кайра уюштурулушун жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн жањы түзүмүнүн бекитилишин, ошондой эле Кыргыз Республи-касынын вице-премьер-министрлеринин ортосунда функционалдык милдеттен-мелери кайра бөлүштүрүлгөнүн эске алуу менен Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министрине СПЕКАпрограммасынын Улуттук координаторунун функциясы жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басарына СПЕКАпрограммасынын Улуттук координаторунун орун басарынын функциясыжүктөлсүн. 2. СПЕКА программасынын "Борбордук Азиянын энергетикалык жана сууресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу" компоненти боюнчадолбоордук жумушчу топ төмөнкү курамда бекитилсин: Түмөнбаев А.Р. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энер- гетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция- сынын директорунун орун басары топтун төрага- сы. Топтун мүчөлөрү: Бейшекеев К.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чар- ба департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары; Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн баш- чысы; Жумадилов К.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнүн референти; Сулайманов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн референти; Азыков Б.Б. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин бюджетти түзүү жана мониторинг башкармалыгынын начальниги; Букалаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли- гинин КМШ департаментинин атташеси; Маматканов Д.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер акаде- миясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору; Султамуратов Н.А. - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макул- дашуу боюнча); Бородин А.В. - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун бирин- чи орун басары (макулдашуу боюнча). 3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана ведомстволорундаСПЕКА программасынын долбоордук жумушчу топторунун координаторлору бо-луп төмөнкүлөр дайындалсын: Исаков Э.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министринин орун басары (транспорт жана чегаралардан өтүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча долбоордук жумушчу топ), Курманалиев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мам- лекеттик бажы инспекциясынын директорунун орун басары (транспорт жана чегаралардан өтүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча долбоордук жумушчу топ); Бейшенов Ж.С. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министринин орун басары (өнүктүрүү максатында маалыматтык-коммуникациялык техно- гогиялар боюнча долбоордук жумушчу топ); Байжуманов Д.Б - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика ко- митетинин төрагасынын орун басары (статистика боюнча долбоордук жумушчу топ) (макулдашуу бо- юнча); Рец Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин тышкы экономикалык бай- ланыштар башкармалыгынын начальниги (соода бо- юнча долбоордук жумушчу топ). 4. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору өзучурунда СПЕКА программасынын долбоордук жумушчу топторунун алкагындагыжумушчу кењешмелердин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлигине отчет берип турушсун. 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасында Борбордук Азиянын экономикасы үчүн БУУ-нун атайын программасын (СПЕКА) ишке ашыруу менен байланышкан маселелержөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-майындагы №364
токтому; - "Кыргыз Республикасында Борбордук Азиянын экономикасы үчүн БУУ-нун атайын программасын (СПЕКА) ишке ашыруу менен байланышкан маселелержөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-майындагы №364 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 245
токтому. Премьер-министр Ф.Кулов