Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 519
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкогол-дук продукцияларды чыгарууну, сактоону жана сатып өткөрүү боюнча мамле-кеттик агенттиги (мындан ары Мамлекеттик агенттик) спиртти жана алко-голдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө жөнгө салууиш-милдеттерин жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органыболуп саналат. 1.2. Мамлекеттик агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Консти-туциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жанаКыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларын, ошондой элеушул Жобону жетекчиликке алат. 1.3. Мамлекеттик агенттик "Спиртти жана алкоголдук продукциялардычыгарууга, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын талаптарын Кыргыз Республикасынын аймагындажүзөгө ашырууну камсыз кылуучу, спиртти жана алкоголдук продукциялардычыгаруу, сактоо жана сатууга контролдук жүргүзүү жаатында жалпы мамле-кеттик саясатты жүргүзүүнү, ошондой эле спиртти жана алкоголдук продук-цияларды чыгаруу, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө кардарлардын жана жерги-ликтүү товар өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. 1.4. Мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасына аймактык бөлүмдөркирет. Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин "КыргызРеспубликасынын алкоголдук тармагын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруубоюнча чаралар жөнүндө" 2006-жылдын 24-майындагы № 282 Жарлыгынын4-пунктуна ылайык "Карабалта спирт заводу", "Каракол" спирт заводу","Талас облусунун Ак-Дөбө айылындагы спирт өндүрүшү бар чакан кант заво-ду" жана "Алкопром" мамлекеттик ишканаларынын иш-аракеттерин координа-циялайт. 1.5. Мамлекеттик агенттик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыр-гыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана рас-мий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, фирмалык бланктары, штамптары,казналык системасында алыш-бериш эсептери болот. 1.6. Мамлекеттик агенттик өз компетенциясынын чегинде спиртти жанаалкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жана сатуу жаатында буйрук-тарды жана нускамаларды чыгарат, кардарлардын жана жергиликтүү товарөндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу чараларын ишке ашырат,ал мамлекеттик башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын жана менчиктинтүрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактардын аткарышы үчүнмилдеттүү болуп эсептелет. 1.7. Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын штаттык распи-саниесин жана структурасын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бе-китет. 1.8. Мамлекеттик агенттикти каржылоо Кыргыз Республикасынын мый-замдарында каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебиненжүргүзүлөт. II. Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери, функциялары жана укуктары 2.1. Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөрэсептелет: - "Спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгарууга, сактоого жанасатууга мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-нын милдеттүү аткарылышын камсыз кылуу; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо, ташуужана сатуу чөйрөсүндө кардарлардын жана ата-мекендик товарөндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу чараларды жүзөгө ашы-руу; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жана са-туу жаатында мамлекеттик эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштуруу жанажүргүзүү; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жана са-туу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик саясатынишке ашыруу; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу жана сатуу жаа-тында Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатын түзүүгө катышуу; - өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын экономика-лык коопсуздугун камсыз кылуу; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жана са-тууга мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жана са-туу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты ишке ашырууга катышуу; - улуттук стандарттарды эл аралык стандарттар менен шайкеш кел-тирүү боюнча иштерге катышуу. 2.2. Мамлекеттик агенттиктин негизги иш милдеттери болуптөмөнкүлөр эсептелет: - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жана са-туу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча су-нуштарды иштеп чыгуу; - спирт, шарап жасоо, ликер-арак, пиво кайнатуу тармактарын анданары өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жаначараларды көрүү; - пиво, шарап, шампан, ликер-арак, коньяк ичимдиктерин жана спиртчыгарууну лицензиялоо; - алкоголдук продукцияларды сатуу боюнча иш-аракеттерди лицензия-лоо; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды импортоону лицензиялоо; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды импорттоо өлчөмдөрүн кво-талоо; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу жана сатуу жаа-тында мамлекеттик эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштуруу жанажүргүзүү; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу жана сатуучөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын максаттарын жана артыкчылыктарын анык-тоо; - Кыргыз Республикасынын алкоголдук тармагын башкаруунун автомат-таштырылган системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу жана сатуучөйрөсүндө чарбакер субъекттердин иш-аракеттеринен кирешелердин түшүшүнбожомолдоо; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды жана пиво чыгаруунун бо-жомолдук көрсөткүчтөрүн изилдөө, аларды товар өндүрүүчүлөргө жеткирүүжана аткарылышына контролдук кылуу; - ички рынокто чыныгы атаандаштыкты түзүү максатында ата мекендикөндүрүштөгү алкоголдук продукцияларга бирдиктүү баа саясатын монополия-га каршы орган менен макулдашуу боюнча түзүү; - Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу алып өтүлүүчү алко-голдук продукцияларга карата экономикалык саясат чараларын иштеп чыгуу-га катышуу; - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жана са-тууга контролдук жүргүзүү маселелеринде борбордук жана жергиликтүү ат-каруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринтармактар аралык координациялоо. 2.3. Мамлекеттик агенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функци-яларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: - спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну, сактоону жанасатууну ишке ашыруучу чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген тартипте текшерүү жүргүзүүгө; - контрабандалык же Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук ак-тыларын бузуу менен чыгарылган спиртти, алкоголдук продукцияларды жанапивону соттун тиешелүү чечиминин негизинде андан ары техникалык кайраиштетүү үчүн сатуудан алып коюуга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык спиртти, алкоголдукпродукцияларды жана пивону мыйзамсыз сатууга катышы бар адамдарга адми-нистрациялык жаза берүүгө жана административдик укук бузуулар жөнүндөишти кароого; - зарыл учурларда материалдарды укук коргоо органдарына берүүгө; - белгиленген тартипте региондук бөлүмдөрдүн жетекчилерин дайындо-ого, алардын иш-аракеттерине жетекчилик жана контроль жүргүзүүгө; - өз компетенциясынын чектеринде токтомдорду, буйруктарды, нуска-маларды жана башка нормативдик укуктук актыларды чыгарууга; - Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттерин жана функцияларынишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мыйзамда белгиленген тар-типте суроого жана алууга; - өз компетенциясынын чектеринде Мамлекеттик агенттикке иш-аракет-терин координациялоо жүктөлгөн подразделениелерге жана чарбакер субъек-ттерге аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө; - өз компетенциясынын чектеринде региондук бөлүмдөрдү кайра уюшту-рууга жана жоюуга; - штаттан сырткары кызматкерлерди белгиленген тартипте ишке тарту-уга. Мамлекеттик агенттик ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында каралган башка укуктарга ээ. III. Мамлекеттик агенттиктин иш-аракетин уюштуруу 3.1. Мамлекеттик агенттикти Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-ринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындо-очу жана кызматтан бошотуучу директор жетектейт. Мамлекеттик агенттикте статс-катчынын жогорку административдикмамлекеттик кызматы, ошондой эле директордун орун басарлык кызматы уюш-турулган. Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-типте Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнча жана директордунмакулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кыз-матка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-катчынын функцияларыжана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш тарабынан беки-тилген Мамлекеттик органдын статс-катчысы тууралуу жобо менен аныкта-лат. Директор статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктардыжүктөшү мүмкүн. Стат-катчы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши мененболгон күндөлүк учурдагы жумуштарды аткарат. Директордун Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнчаКыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кыз-маттан бошотуучу бир орун басары болот. 3.2.Мамлекеттик агенттиктин директору: - Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттерди жана функциялардыаткарууга жеке жоопкерчилик тартат; - Мамлекеттик агенттиктин иш-аракетине жалпы жетекчилик жүргүзөт; - Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары менен структу-ралык подразделениелеринин жетекчилеринин ортосундагы милдеттерди жанаыйгарым укуктарды бөлүштүрөт; - Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин, Мамлекеттик агенттиктинрегиондук органдардын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот; - ыйгарым укуктарынын чектеринде буйруктарды чыгарат; - белгиленген тартипте Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринедисциплинардык жаза колдонот; - Мамлекеттик агенттиктин региондук бөлүмдөрү жана структуралыкподразделениелери жөнүндө жобону бекитет; - соттордо, мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Мамлекеттикагенттиктин атынан ишеним катсыз чыгат; - административдик укук бузуу жөнүндө иштерди карайт жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык спиртти, алкоголдук продукцияны жа-на пивону мыйзамсыз сатууга катышы бар адамдарга административдик жазаколдонулат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-тарга ээ. 3.3. Мамлекеттик агенттикте курамында 7 адамдан турган коллегиятүзүлөт. Кызматы боюнча директор (төрага), статс-катчы жана директордунорун басары коллегия мүчөлөрү болот. Коллегиянын курамына Кыргыз Рес-публикасынын Премьер-министринин Аппаратынын өкүлү кирет. Коллегия мүчөлөрүн Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу бо-юнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Мамлекеттик агенттиктин коллегиясы Мамлекеттик агенттиктин борбор-дук аппаратынын, органдарынын жана мекемелеринин кыйла маанилүү маселе-лерин карайт. Коллегиянын чечимдери токтомдор түрүндө кабыл алынат жана дирек-тордун буйруктары менен ишке ашырылат. Коллегиянын ишмердигинин тартибидиректор бекиткен регламент менен аныкталат. 3.4. Мамлекеттик агенттикте мамлекеттик кызматчылар кесиптик эти-калык нормаларды сакташына контролдук жүргүзүү үчүн Мамлекеттик агент-тиктин кызматкерлеринин арасынан этика боюнча комиссия түзүлөт. Этикабоюнча комиссиянын иш тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматжөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат. IV. Мамлекеттик агенттиктин мүлкү 4.1. Мамлекеттик агенттиктин оперативдүү башкаруу укугунда берил-ген мүлкү болот. Мамлекеттик агенттиктин мүлкү ага мамлекет өткөрүп берген негизгифонддордун жана жүгүртүүдөгү каражаттардын, ошондой эле наркы бухгалте-риялык баланста чагылдырылган башка мүлктөрдүн эсебинен түзүлөт. 4.2. Мамлекеттик агенттикке бекитилген мүлк мамлекеттик менчиккетаандык. 4.3. Мамлекеттик агенттик ага бекитилген мүлктү, ошондой эле сметабоюнча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү ажыратуугаже башка ыкмалар менен колдонууга укуксуз. V. Мамлекеттик агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу 5.1. Мамлекеттик агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.