Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 24-июлу № 538
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 21-ноябрындагы № 807 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Са-
лык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу", "Кыргыз
Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
на өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Рес-
публикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу", "Банктарды консервация-
лоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өз-
гөртүү киргизүү тууралуу", "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Мамлекеттик кыз-
мат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү туура-
луу", "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган
адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдет-
тенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
жана "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туура-
луу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна макулдук берил-
син.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 807 токтомунун редакци-
ясына ылайык)
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистри аталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү бо-
луп дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов