Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-июлу N 539 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери 2005-жылдын 27-сентябрындагы N 153 "Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана КыргызРеспубликасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы N 607 "КыргызРеспубликасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн оптималдашты-руу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясынын башкаруу схемасы. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясынын кызматкерлеринин штатынын сандык чеги 160 бирдик менен, ай-мактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин сандык чеги 1040 бирдик менен(тейлөөчү персоналдан башкасы) белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясында директордун эки орун басары, анын ичинен бирөө биринчи орунбасар жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын Россия Федерациясынынбажы кызматындагы өкүлү болсун. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-апрелиндеги N168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-циясы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июлундагы N 539 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын башкаруу СХЕМАСЫ -------------------------------------------- | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу | | Мамлекеттик бажы инспекциясынын |------- | борбордук аппараты | | -------------------------------------------- | | | | ---------------------------------- | |Кыргыз Республикасынын бажы | | |кызматынын Россия Федерациясынын| | |бажы кызматындагы өкүлчүлүгү | | ---------------------------------- -----------------------------|------------------------------------------- ---------------- | ---------------- ---------------| Бишкек | | "Манас" | | | Токмок | | Карабалта || бажыканасы | | бажыканасы | | | бажыканасы | | бажыканасы |--------------- ---------------- | ---------------- --------------- -----------------------------|--------------------------------------------------- ----------------------- | --------------------| "Бишкек" эркин | | Түндүк регион | | | "Түндүк" темир || экономикалык зона" | | боюнча оперативдүү | | | жол бажыканасы || бажыканасы | | бажыканасы | | | |----------------------- ----------------------- | -------------------- ------------------------------------------------------------------------- ---------------- | ---------------- ---------------| Ысыккөл | | Нарын | | | Талас | | Ош || бажыканасы | | бажыканасы | | | бажыканасы | | бажыканасы |--------------- ---------------- | ---------------- --------------- ------------------------------------------------------------------------- ---------------- ---------------- | ---------------| Жалалабат | | Баткен | | "Түштүк" | | |Энергетикалык|| бажыканасы | | бажыканасы | | оперативдүү | | |бажыкана || | | | | бажыканасы | | | |--------------- ---------------- ---------------- | --------------- --------------------------------------------------------------------------------- ----------------------- --------------------| Кинология | | Лабораториялар | | Окутуу борбору || кызматы | | | | |----------------------- ----------------------- --------------------