Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-июлу № 541
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Б.Мурзубраи-
мов тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору-
на тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 27-июлу № 17-57/36
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты Б.Мурзубраимов тарабынан демилге кылынган "Кыргыз
Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу менен
аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсеп-
тейт.
Салык чөйрөсүндө мыйзам чыгаруу демилгеси башаламан кабыл алынууга
тийиш эмес, бул багытта комплекстүү мамиле зарыл, мында салык түйшүгүн
жењилдетүү маселеси өлкөнүн бирдиктүү экономикасы менен өз ара байла-
нышта каралат. Салык төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн жекече са-
лыктык жењилдиктерди берүү максатында салыктык мыйзамдарды көп өзгөртүү
салык системасынын туруктуулугун үзгүлтүккө учуратуу менен, аны башка-
рууда кыйынчылыктарды жаратат жана салыктык структуранын бүтүндүгүн бу-
зат, ал эми салыктык жењилдиктер системасы салык түйшүгүн салык
төлөөчүлөрдүн бир тобунан экинчи тобуна өткөргөндө экономика тармакта-
рынын ортосундагы салыктык түйшүктөрдүн тењ эмес бөлүнүшүн күчөтөт жана
акыйкаттуулук принцибин бузат. Салыктардын ставкасын азайтуу же жоюу
үчүн бюджеттин кирешелеринин түздөн-түз жоготууларын компенсациялоо бо-
юнча тиешелүү альтернативдүү булактарды адегенде аныктап алуу зарыл.
Андай болбогондо бюджеттик каражаттардын өтө чектелүүлүк шартында бюд-
жеттин киреше бөлүмүнүн азайышы терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Пайдага салыктын ставкаларын азайтуу жана бюджеттин кирешелерине
карата киреше салыгынын бөлүгүндө сунуш кылынган демилгелердин нейтрал-
дуу жагын камсыздоо максатында эл аралык донордук уюмдардын алдында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алган милдеттенмелерине ылайык салыктык
жењилдиктерди тартипке келтирүү каралган.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-статьясынын 1-бөлүгүнө
ылайык коомдук уюмдардын кайрымдуулук иштеринен түшкөн пайдасы юридика-
лык жактардын пайдасынан алынуучу салыктан бошотула тургандыгын белги-
лей кетүү керек.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-стать-
ясына ылайык пайдага салык салуу объектиси салык төлөөчүнүн жалпы жыл-
дык кирешесинин жана көрсөтүлгөн Кодексте каралган эсептен чыгарып са-
луулардын ортосундагы айырма катарында эсептелүүчү пайда болуп саналат.
Ушуга байланыштуу юридикалык жактардын физкультуралык-спорттук уюмдар-
га, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө багытталган кара-
жаттарын салык салуудан бошотуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз, ант-
кени аны башкаруу кыйла татаал болот жана мындай каражаттарды аныктоодо
кыйынчылыктарды пайда кылышы мүмкүн. Бухгалтердик эсептен же салыктык
эсептен алынган кайсы пайда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө жумша-
ла тургандыгы белгисиз.
Уюмдарды салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө салык органдары менен
салык төлөөчүлөрдүн ортосунда пайданы аныктоо бөлүгүндө кайсы каражат
физкультуралык-спорттук уюмдарга, ошондой эле дене тарбия жана спортту
өнүктүрүүгө жумшала тургандыгын жана кайсынысы салыктан бошотула тур-
гандыгын аныктоо бөлүгүндө соодалашууларга өбөлгө түзүшү мүмкүн. Мындан
тышкары берилүүчү жењилдик пайдага салык төлөөдө салык төлөөчүлөр тара-
бынан кыянаттык менен пайдаланууга алып келиши мүмкүн, анткени дене
тарбия жана спортту өнүктүрүүгө каражаттарды жумшоонун аныктамалары жа-
на механизмдери жок.
Премьер-министр Ф.Кулов