Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 31-июлу № 546
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Б.М.Мур-
зубраимов, М.Т.Мамасаидов тарабынан демилге кылынган "Мугалимдин стату-
су жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү туура-
луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун
негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 31-июлу № 20-57/8
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары Б.М.Мурзубраимов, М.Т.Мамасаидов тарабынан демил-
ге кылынган "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоо-
рун карап чыгып, анын кабыл алышына төмөнкүдөй негиздемелер боюнча
өзүнүн макулдугун бербейт.
"Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык эсептик көрсөткүч - эмгек акыны төлөөгө байланышпаган социалдык
төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо үчүн нормативдүү акчалай көрсөткүч. Ушуга
байланыштуу бул учурда "эсептик көрсөткүч" деген түшүнүктү колдонууга
болбойт.
Мугалимдердин эмгек акысына дептерлерди текшергендиги үчүн үстөк
класска жана сабакка жараша Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча эмгек акы
төлөө шарттары менен ар түрдүүчө белгиленет жана 10-15 сомду түзөт.
Дептерлерди текшергендиги үчүн үстөктүн өлчөмүн сунушталган
100-150 сомго чейин көбөйтүү республикалык бюджеттен 106 млн.сомдон
ашык кошумча бөлүүнү талап кылат.
Бирдиктүү тарифтик торчонун баштапкы (нөлдүк) разрядынын өлчөмүн 5
минималдуу айлык акыдан кем эмес өлчөмүндө белгилөөгө карата.
Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын аныктоо үчүн
2006-жылдын 1-апрелинен тартып 340 сом суммасында аныкталган Бирдиктүү
тарифтик торчонун 1-разряды белгиленген. Ушул жылдын июлунда эмгек акы-
ны кезектеги 20 процентке жогорулатуу эсептик көрсөткүчтү 408 сомго
өзгөртөт. Социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин социалдык жактан коргоо
максатында эмгек акыны жогорулатуу жыл сайын, болбосо бир жылда эки жо-
лу божомолдонууда.
Класс жетекчилик үчүн үстөктүн өлчөмүн башталгыч класстарда сунуш-
талган 150 сомго жана 5-11-класстарда 200 сомго чейин көбөйтүү респуб-
ликалык бюджеттен 50 млн.сомго жакын кошумча бөлүүнү талап кылат. Жаш
адистерге (жогорку же орто кесиптик педагогикалык окуу жайларын
бүтүргөндөн кийин 3 жыл педагогикалык стажы бар) эмгек акысынын
үстөгүнө эки минималдуу эсептик көрсөткүч, айыл жеринде - үч, чегара
райондорунда - төрт минималдуу эсептик көрсөткүч өлчөмүндө белгиленет.
Республиканын мектептерин педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу
максатында "Жаш мугалимдин депозити" аттуу программа кабыл алынган, ага
ылайык азыркы учурда 500 жаш мугалимге аларды жер-жерлерге бекитүү мак-
сатында депозиттик эсепке ай сайын 2 мињ сомдон 3 жыл бою которулуп ту-
рат. Бул жылы мындай Депозитке дагы 300 адам укуктуу болот.
14-статьяны экинчи бөлүк менен толуктоо максатка ылайыксыз деп
эсептейбиз, анткени сунушталган жоболор бул Мыйзамдын 6-статьясынын
төртүнчү абзацында бар.
Мындан тышкары 14-статьянын үчүнчү абзацы мугалимдерге мектептерде
саясий топторду жана партияларды уюштурууга тыюу салат. Ушуну менен
бирге түзүлгөн саясий кырдаалдын жана саясий күрөш курчуган учурда мек-
тептердин жана башка окуу жайлардын имараттарында партиялар тарабынан
жайларды ижарага алуу окуучулар үчүн кооптуу боло тургандыгын белгилей-
биз.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу "Мугалимдин статусу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына финансылык ресурстар менен камсыздал-
баган толуктоолорду киргизүү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов