Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 1-августу №547 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Социалдык жетимчиликтин, балдардын көзөмөлсүз калуусунун алдыналуу, балдарды үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыздоо жана ата-энесиненкароосуз калган балдардын эсебин алуу механизмин түзүү, ошондой элекамкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү ишке ашыруу боюнча уюштуруумаселелерин жана иш-аракеттерди жөнгө салуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө тиркелген
жобобекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргооминистрлиги, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууиштери боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү,илим жана жаштар саясаты министрлиги менен бирдикте балалыкты коргообоюнча инспекторлорду даярдоо программасын иштеп чыгышсын. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялыкведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүүбашкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов