Бишкек шаары,Өкмөт Үйү2006-жылдын 2-августу №550 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча "Камкор" Камсыздандыруу Компаниясы жабык акционердик коомунун камсыздандыруучуларынын - жеке жактарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө Социалдык курч абалды төмөндөтүү жана "Камкор" КамсыздандырууКомпаниясы жабык акционердик коомунун камсыздандыруучуларына - жекежактарга колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги"Камкор" Камсыздандыруу Компаниясы жабык акционердик коомунун өмүрдүкамсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздоочуларына социалдык колдоокөрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 297 токтомуна ылайык чыгарылган мамлекеттик баалуукагаздарды 2006-жылдын 31-декабрына чейин аманатчыларга - жекежактарга жоюлбаган калдыктын өлчөмүндө "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындакаралган каражаттардын эсебинен мөөнөтүнөн мурда жоюуну жүргүзсүн. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов