Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 2-августу № 556 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен маданий-ден соолук чыњдоо комплексин куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90 жана 92-статьяларына ыла-йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган маданий-ден соолук чыњдоо комплексин курууүчүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташмой-нок айыл өкмөтүнүн суу фондунун жерлерине таандык жайыттарынан "Волчьиворота" капчыгайындагы аянты 0,6305 га жер участкасын 49 жылдык мөөнөтменен убактылуу пайдаланууга "Эльтерра" жоопкерчилиги чектелген коомунаберүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы: - берилген участкага "Эльтерра" жоопкерчилиги чектелген коому та-рабынан экологиялык экспертиза жүргүзүүнү жана "Айыл чарба жерлеринайыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарбаөндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу норма-тивдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайыкайыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жанаалынбай калган пайданын ордун төлөшүн камсыздасын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов