Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-августу № 560
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында стимулдоочу (үлүштүк) гранттар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары А.К.Келди-
беков жана К.К.Иманалиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республика-
сында стимулдоочу (үлүштүк) гранттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна
жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 3-августу № 17-57/38
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасында стимулдоочу (үлүштүк)
гранттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары А.К.Келдибеков жана К.К.Иманалиев тарабынан де-
милге кылынган "Кыргыз Республикасында стимулдоочу (үлүштүк) гранттар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл
алууга тиркелген корутундунун негизинде макулдук бере албайт.
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясына ылайык үлүштүк
(стимулдоочу) гранттар - бюджеттик каражаттарды, мамлекеттик артыкчы-
лыктуу программалар жана долбоорлор боюнча каражаттарды майнаптуу сарп-
тоону стимулдоо, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү жана ки-
решелердин жергиликтүү булактарын кыйла толук мобилизациялоо максатта-
рында республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рына берилүүчү трансферттер. Үлүштүк (стимулдоочу) гранттар жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарына конкурстук негизде берилет.
Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу
максатында азыркы убакта стимулдоочу (үлүштүк) гранттардын механизми
натыйжалуу иштеп жатат. Атап айтканда, "Стимулдоочу (үлүштүк) гранттар-
дын механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-сентябрындагы № 614 токтому менен Сти-
мулдоочу (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жо-
бо бекитилген.
Бул Жобого ылайык стимулдоочу (үлүштүк) гранттардын чектеринде
долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыйла иштер жүргүзүлүүдө, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринин жана республиканын калкы-
нын арасында стимулдоочу (үлүштүк) гранттардын механизмин ишке киргизүү
боюнча маалыматтык жана түшүндүрүү иши уюшулган.
Региондордо стимулдоочу (үлүштүк) гранттарды алууга долбоорлорду
талдоо жүргүзүү жана жалпылоо, аларды Кыргыз Республикасынын Экономика
жана финансы министрлигинде түзүлгөн комиссиянын кароосуна киргизүү ме-
нен стимулдоочу (үлүштүк) гранттар боюнча аймактык комиссиялардын сек-
ретариаттары иштейт, бул грант алуучунун арыз берген учурдан тартып фи-
нансы каражаттарын алган учуруна чейинки иш-аракеттеринин
жөнөкөйлөтүлгөн жана ачык-айкын схемасын түзөт.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен жана стимулдоочу
(үлүштүк) гранттардын механизми натыйжалуу иштеп, практикалык жактан
ишке ашырылып жаткандыгына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
"Кыргыз Республикасында стимулдоочу (үлүштүк) гранттар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп
эсептейт.
Мындан тышкары жогоруда аталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз
Республикасынын республикалык бюджетин жана жергиликтүү бюджеттерин
түзүүнүн жана аткаруунун негизги принциптерин аныктоочу "Кыргыз Респуб-
ликасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына каршы келет.
Премьер-министр Ф.Кулов