Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 155 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-августу № 561 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери колдонулуучу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында турган объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 7-статьясына жана "КыргызРеспубликасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чараларжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери колдонулуучуКыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында турган объектте-ринин тизмеси бекитилсин. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөнтартып күчүнө кирет. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-августундагы № 561 токтому менен бекитилген Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери колдонулуучу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында турган объекттеринин ТИЗМЕСИ -----------------------------------------------------------------------|№ | Аталышы | Объекттин турган жери | Эскертүү ||----|---------------------|------------------------------|-----------||1. |Россия илимдер |Бишкек шаары | || |академиясынын илимий | | || |станциясы | | ||----|---------------------|------------------------------|-----------||1.1.|"Чумыш" станциясы |Казакстан Республикасы, |GPS-станция|| | |Жамбыл облусу, Кордай | || | |району, Кордай айылынан | || | |5 км | ||----|---------------------|------------------------------|-----------||1.2.|"Селден коргоо" |Казакстан Республикасы, |РS-станция || |станциясы |Алматы облусу, "Медеу" | || | |комплексинен 5 км, | || | |Казакстан Республикасынын | || | |өзгөчө кырдаалдар агенттигинин| || | |"Прогноз" илимий-өндүрүштүк | || | |комплексинин аймагында | ||----|---------------------|------------------------------|-----------||1.3.|"Успеновка" станциясы|Казакстан Республикасы, Жамбыл|Сейсмо- || | |облусу, Кордай району, |станция || | |Бет-Кайнар айылынан 5 км | ||----|---------------------|------------------------------|-----------||1.4.|"Сумкар" станциясы |Казакстан Республикасы, |GPS-станция|| | |Жамбыл облусу, Мойынкум району| || | |Хантау айылынан 5 км | ||----|---------------------|------------------------------|-----------||1.5.|"Ново-Александровка" |Казакстан Республикасы, Жамбыл|Сейсмо- || |станциясы |облусу, Кордай району, |станция || | |Каракемер айылынан 5 км | ||----|---------------------|------------------------------|-----------||1.6.|"Подгорное" |Казакстан Республикасы, Алматы|GPS-станция|| |станциясы |облусу, Уйгур району, | || | |Кыргызсай айылы | ||----|---------------------|------------------------------|-----------||1.7.|"Курчатов" станциясы |Казакстан Республикасы, |GPS-станция|| | |Семипалатинск облусу, | || | |Курчатов шаары, Улуттук | || | |ядролук борбордун аймагында | |-----------------------------------------------------------------------