Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 1 - августундагы № 547
токтому менен бекитилген
Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодексине, Кыргыз
Республикасынын Жарандык кодексине, Баланын укуктары жөнүндө
конвенцияга, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган
принциптерине жана нормаларына ылайык иштелип чыккан, ал Кыргыз
Республикасынын жарандары болуп саналышкан балдардын укуктары менен
кызыкчылыктарын коргоого багытталган жана камкорчулук, көзөмөлчүлүктү
ишке ашыруу боюнча уюштуруу маселелери менен иш-аракеттерди жөнгө
салат.
2. Бул Жободо колдонулуучу терминдер:
"бала" - 18 жашка чейинки курактагы адам;
"жетим балдар" - ата-энесинин экөө тењ же жападан-жалгыз ата-энеси
өлгөн 18 жашка чейинки курактагы адам;
"ата-энесинен кароосуз калган балдар" - ата-энесинин жоктугунан же
аларды ата-энелик укугунан ажыратуудан, алардын ата-энелик укуктарын
чектөөдөн, ата-энеси дайынсыз, жооптуулукка жарамсыз (жооптуулукка
жарамдуулугу чектелген) деп табуудан, дарылоо мекемелеринде
жаткандыктан, өлдү деп жарыялоодон, түзөтүү мекемелеринде жазасын
аткаруудан, эркинен ажыратылгандыктан, кылмыш кылды деп шектелип,
күнөөлөнүп камакта жаткандыктан; ата-энесинин балдарын тарбиялоодон,
алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон качуусунан, ата-
энесинин тарбиялоочу, дарылоо мекемелеринен, калкты социалдык коргоо
жана башка ушуга окшогон мекемелерден балдарын алуудан баш тартуусунан
жана ата-энесинен кароосуз калган деп таанылган башка учурлардан улам
ата-энелеринин биринен же экөөнөн тењ кароосуз калган 18 жашка чейинки
курактагы адамдар;
"балдардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары" - баланын
нормалдуу жашоо ишмердигин камсыз кылуучу жеке мүлктүк жана мүлктүк
эмес укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын жыйындысы;
"мамлекеттик коргоого муктаж балдар" - жетим балдар, ата-энесинен
кароосуз калган балдар, камсыз болбогон же толук эмес камсыз болгон
нормалдуу жашай ала турган шартка жете албай турган же жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жардам көрсөтпөсө ага жетпей турган үй-
бүлөлөрдө жашаган балдар;
"баланын укугун коргоо боюнча план" - камкорчулук жана көзөмөлчүлүк
органынын актысы, анда баланын укуктарын жана мыйзамдуу
кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча иш чаралардын тизмеси, аларды
аткаруу мөөнөтү жана баланын укугу менен мыйзамдуу кызыкчылыктары
боюнча ата-энеси (баланын мыйзамдуу өкүлдөрү) менен ыйгарым укуктуу
кызматтын ортосундагы жоопкерчиликти чектөө аныкталат. План
мамлекеттик коргоого муктаж болгон ар бир балага карата ыйгарым
укуктуу муниципалдык кызмат тарабынан билим берүү, саламаттык сактоо
мекемелеринин, ички иштер, калкты социалдык коргоо органдарынын,
ошондой эле балдар менен түздөн-түз иштеп, план түзүү үчүн зарыл
маалыматтарга ээ болгон коомдук уюмдардын өкүлдөрүн сөзсүз түрдө
тартуу менен жазуу түрүндө түзүлөт;
"камкорчулук жана көзөмөлчүлүк" - жетим балдардын, ата-энесинен
кароосуз калган балдардын, сот тарабынан жооптуулукка жарамсыз деп
таанылган же жооптуулукка жарамдуулугу чектелген эрезеге жеткен
жактардын укуктарын жана мыйзамдарды менен корголуучу кызыкчылыктарын
камсыз кылуу формасы;
"камкорчулукка алынгандар" - аларга же алардын мүлкүнө карата
камкордук (көзөмөлдүк) аныкталган адамдар;
"патронаж менен камкордукка алынгандар" - патронаж түрүндө кам
көрүү аныкталган эрезеге жеткен жооптуулукка жарамдуу адамдар;
"асыроочу үй-бүлөлөр" - камкордук жана көзөмөлчүлүк органдары менен
асырап алуучу ата-эненин (баланы үй-бүлөсүнө алууну каалаган жубайлар
же жеке жарандар) ортосундагы балдарды үй-бүлөгө тарбиялоого берүү
келишиминин негизинде жетим балдарды жана ата-энесинен багуусуз калган
балдарды жайгаштыруу формасы;
"балдардын камкорчулары" - эрезеге жеткен жооптуулукка жарамдуу
адамдар. Балага камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоодо алардын адептик
жана башка жеке сапаттары, алган милдеттерин аткарууга
жөндөмдүүлүктөрү, камкорчу (көзөмөлчү) менен баланын ортосундагы
мамиле, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) үй-бүлө мүчөлөрүнүн балага болгон
мамилеси, ошондой эле, эгер мүмкүн болсо, баланын эрки эске алынат.
Камкорчу (көзөмөлчү) болуп ата-энелик укугунан ажыратылгандар, өнөкөт
аракечтик же бањгилик менен жапа чеккендер, камкорчулук (көзөмөлчүлүк)
милдетин аткаруудан четтетилгендер, ата-энелик укугу чектелгендер,
мурда бала асырап алып, алардын күнөөсү менен асырап алуу жокко
чыгарылгандар, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу баланы тарбиялоо
боюнча милдеттерин аткара албай тургандар дайындалбайт.
"камкорчулар"- камкорчулук милдеттерин эрезеге жетелектерге жана
сот тарабынан жооптуулугу чектелген же жооптуулукка жарамсыз жаран-
дарга карата же ден соолугуна байланыштуу өз укуктарын жана милдет-
терин ишке ашыра албагандарга кам көрүүчүнүн милдетин аткаруучу
эрезеге жеткен жарамдуу адамдар.
"көзөмөлчүлүк" - он төрттөн он сегиз жашка чейинки ата-энесинен
кароосуз калган балдарга, ошондой эле, ден соолугуна же соттун чечими
боюнча өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра албаган жооптуулукка
жарамсыз же жооптуулугу чектелген жарандарга карата белгиленет.
"камкорчулук" - он төрт жашка толо элек, ата-энесинен кароосуз
калган же сот тарабынан психикалык оорусуна байланыштуу жооптуулукка
жарамсыз деп таанылган балдарга карата аныкталат.
"социалдык патронаж" - социалдык кызматтын такай социалдык
көзөмөлгө муктаж кардарларына көбүнчө үйдө кызмат көрсөтүү, алардын
жашаган турак-жайына дайыма барып, аларга зарыл тиричилик кызматтарын
көрсөтүү жана татаал эмес медициналык жардамдарды көрсөтүү;
"социалдык патронат" — камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары
тарабынан турмуштук оор абалда деп белгиленген тартипте аныкталган
бала менен анын үй-бүлөсүнүн ортосундагы жекече алдын алуу иштеринин
формасы, анда баланын ата-энеси менен камкорчулук жана көзөмөлчүлүк
органдарынын ортосунда баланы тарбиялоо, анын укуктарын жана
кызыкчылыктарын коргоо боюнча укуктар менен милдеттер сөзсүз түрдө
чектелип аныкталат. Социалдык патронат 18 жаштан ашпаган балдарга
карата ишке ашырылышы мүмкүн. Социалдык патронаттын мөөнөтү баланын
кызыкчылыгын эске алуу менен социалдык патронат жөнүндөгү келишимде
аныкталат.
"турмуштук оор абал" - жарандын турмуштук ишмердүүлүгүн объективдүү
түрдө буза турган кырдаал (майыптык, улгайгандыгына же оорусуна
байланыштуу өзүн өзү тейлөөгө жөндөмсүздүк, жетимдик, кароосуз калуу,
аз камсыз болуу, жумушсуздук, тиешелүү жашаган жеринин жоктугу, үй-
бүлөдөгү карама-каршылыктар жана катаал мамиле ж.б.), аларды ал өз
алдынча жењип чыга албайт.
3. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын жалпы түшүнүгү:
3.1. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары болуп жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары саналат (КР Жарандык кодексинин 69-ст.).
Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү аныктоо боюнча чечим жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын
камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча комиссиялары тарабынан бекитилет.
3.2. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары алардын
компетенциясына таандык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, алар
мекемелер, ишканалар, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар үчүн
милдеттүү болуп саналат.
3.3. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча райондук жана шаардык
органдардын камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү дайындоо, бошотуу жана
четтетүү жагындагы чечимдерге, ошондой эле камкорчулук менен
көзөмөлчүлүктүн башка бардык маселелери боюнча сот тартибинде тийиштүү
адамдар жагынан даттанылышы мүмкүн.
3.4. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары өз иш-аракетин
жүргүзүүдө жергиликтүү кењештин депутаттарын, коомчулуктун өкүлдөрүн,
өкмөттүк эмес уюмдарды ж.б.у.с. ишке тартышат.
3.5. Камкорчулук жана көзөмөлчулүк органдары өз иш-аракетинде
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жарандык
кодексин, Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодексин жана Камкорчулук
жана көзөмөлчүлүк органдарын уюштуруунун жана анын иш-аракетинин
укуктук негизин түзүүчү башка нормативдик укуктук актыларды жана ушул
жобону жетекчиликке алат.
II. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын
негизги милдеттери, ишмердүүлүгү жана ишин уюштуруу
4. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын негизги милдеттери
төмөнкүлөр болуп саналат:
4.1. Ата-энесинен кароосуз калган балдардын, ошондой эле ата-
энелери тиешелүү түрдө багууну камсыз кылбаган балдардын укуктарын
жана кызыкчылыктарын коргоо.
4.2. Ата-энелердин камкордугусуз калган балдарга үй-бүлөлүк чөйрө
түзүү.
4.3. Ата-энесинен камкордуксуз калган балдарды аларга үй-бүлөлүк
чөйрөнү камсыздоого мүмкүн эмес учурларда интернаттык мекемелерге
орноштуруу.
4.4. Ден соолук абалы боюнча жарамсыз деп табылган эрезеге жетелек
адамдарга камкордук (көзөмөлчүлүк) белгилөө.
4.5. Жетим балдарды, ата-энесинин камкордугусуз калган жана
мамлекеттик коргоого муктаж эрезеге жетелек балдардын жашоо-турмушу
жана тарбиясы үчүн ыњгайлуу шарттарды камсыздоо.
4.6. Эрезеге жетелектердин бул категориясын багууга, тарбиялоого
жана билим берүүгө контролду ишке ашыруу.
4.7. Сот тарабынан жарамсыз деп таанылган эрезеге жеткен адамдардын
жана ден соолук абалы боюнча өздөрүнүн укуктарын өз алдынча ишке ашыра
албаган жана өз милдеттерин аткара албаган жарамдуу эрезеге жеткен
адамдардын жеке жана мүлктүк укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо.
4.8. Эрезеге жетелектердин мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктары
менен кызыкчылыктарын коргоо.
4.9. Камкорчулукка алынгандардын турак жайлык укуктарын коргоо
боюнча чараларды көрүү.
5. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча ыйгарым укуктуу кызматтар
жана органдар:
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында камкорчулук жана
көзөмөлчүлүк боюнча функцияларды жергиликтүү өз алдынча башкармалыктын
башчысынын жетекчилиги менен Социалдык маселелер боюнча комиссия
аткарат. Токтомдорду жана материалдарды даярдоо, мамлекеттик колдоого
муктаж балдарды табуу жана эсебин алуу үчүн жоопкерчилик балалыкты
коргоо боюнча инспекторго жүктөлөт. Балалыкты коргоо боюнча инспектор
учурдагы бардык иштерди аткарат жана документтердин туура
жүргүзүлүшүнө жоопкерчилик тартат.
5.2. Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү камсыздоо боюнча иштерди
уюштурууда камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары укуктарын кандайдыр
бир ыйгарым укуктуу кызматтарга бере алат.
5.3. Ыйгарым укуктуу кызматтардын (уюмдардын) ичине камкорчулукту
жана көзөмөлчүлүктү уюштуруу боюнча ыйгарым укуктар берилген билим
берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык коргоо мекемелери, ички
иштер органдары, ошондой эле ата-энесинин кароосуз калган балдарды,
ошондой эле мамлекеттик колдоого муктаж адамдарды табуу, эсебин алуу
жана орноштуруу боюнча иштерди жүргүзгөн кызматчылар кирет.
5.4. Ыйгарым укуктарды берүү жоопкерчиликти бөлүштүрүү жана ыйгарым
укуктуу кызматтардын иштерин контролдоо шарттары менен райондук
мамлекеттик администрациялардын токтомдорунун негизинде ишке ашырылат.
5.5. Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү камсыздоо боюнча
функциялардын аткарылышын контролдоо жана иштерин координациялоо
жергиликтүү өз алдынча башкармалыктын башчысына жана жергиликтүү
мамлекеттик администрациянын камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча
кењешине жүктөлөт.
6. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жүктөлгөн милдеттерди
аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
6.1. Ата-энесинен кароосуз калган эрезеге жетелек балдарды, ата-
энелер тиешелүү тарбия бербеген жана бакпаган балдарды, зомбулукка
дуушар болгон балдарды, ошондой эле ден соолук абалы боюнча
камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө муктаж болгон эрезеге жеткен
адамдарды аныктайт. Жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган
балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар
саясаты министрлигине жетим балдар жөнүндө республикалык маалыматтар
банкына киргизүү үчүн маалыматтарды жиберет.
6.2. Төмөнкүлөрдү зсепке алууну жургүзөт:
- ата-энесинен кароосуз калган балдарды;
- камкордукка алынган эрезеге жетелек балдарды;
- ден соолук абалы же соттун чечими боюнча камкордукка муктаж
болгон жарандарды;
- камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алуу аныкталган адамдарды.
6.3. Ата-энесинен кароосуз калган эрезеге жетелек балдарды
камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) алууну каалаган адамдар жөнүндө
маалыматтар банкын түзөт.
6.4. Ата-энесинен кароосуз калган балдарды жайгаштыруу формасын
балага үй-бүлөлүк чөйрөнү жана альтернативалуу багууну камсыздоо менен
аныктайт.
6.5. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк аныкталганга чейин мамлекеттик
интернаттык мекемеге же камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алууга
муктаж болгон багуучу үй-бүлөлөргө убактылуу жайгаштырууну, ошондой
эле алардын мүлкүн сактоону камсыз кылат.
6.6. Зарыл учурларда баланын ата тегин аныктайт.
6.7. Төмөнкүлөр тууралуу токтомдорду чыгарат:
- камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү аныктоо жөнүндө;
- камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү дайындоо жөнүндө;
- камкорчуларды жана көзөмелчүлөрдү аларга жүктөлгөн милдеттерди
аткаруудан бошотуу жана четтетүү жөнүндө;
- социалдык коркунучтуу кырдаалга туш болгон үй-бүлөдөн баланы
дароо алып коюу жөнүндө;
- нике курагын төмөндөтүү жөнүндө;
- эрезеге жетелек балдардын фамилиясын жана атын өзгөртүү жөнүндө;
- эгерде ата-энесинин экөө тењ белгисиз болсо, балага фамилия, ат
жана атасынын атын ыйгаруу жөнүндө.
6.8. Сотто ата-энелик укуктардан ажыратуу же ата-энелик укуктардан
ажыратпастан алардан балдарды алып коюу жөнүндө, ошондой эле ата-
энелик укуктарды чектөө жөнүндө иштерди козгойт.
6.9. Ата-энесинен кароосуз калган жана мамлекеттик коргоого муктаж
эрезеге жетелек балдардын мыйзамдуу мүлктүк жана мүлктүк эмес
укуктарын коргоону ишке ашырат.
6.10. Сот тарабынан жооп берүүгө жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү
чектелген жана ден соолук абалы боюнча өз алдынча укуктарын ишке ашыра
албаган жана милдеттерин аткара албаган (патронаж) жарамдуу эрезеге
жеткен адамдардын мыйзамдуу жана мүлктүк укуктары менен
кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырат.
6.11. Жетим балдарды жана ата-энесинен кароосуз калган, мамлекеттик
коргоого муктаж балдарды жайгаштыруунун ар кандай формаларында жашоо-
турмушу жана аларды тарбиялоо үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүгө
контролдукту ишке ашырат.
6.12. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча кењешке квартал сайын
отчет берет.
III. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча
кењештердин укуктары жана милдеттери
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда камкорчулук жана
көзөмөлчүлүк органдарынын функцияларын камкорчулук жана көзөмөлчүлүк
боюнча кењеш аткарат, аларга жетекчиликти жергиликтүү мамлекеттик
администрация башчысынын орун басары жүргүзөт.
7.1. Камкорчулук жана көзөмөлчулүк боюнча кењештин заседаниелери
үчүн материалдарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
балалыкты коргоо боюнча инспектору даярдайт жана үй-бүлөнү жана
балдарды колдоо бөлүмдөрү же болбосо (алар жок учурда) жергиликтүү
мамлекеттик администрациянын балалыкты коргоо боюнча инспектору
аркылуу Кењешке киргизет.
7.2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын камкорчулук жана
көзөмөлчүлүк боюнча кењештери төмөнкүдөй иштерди жүргүзөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун камкорчулук жана көзөмөлчүлүк
органдарынын, ошондой эле ал боюнча функцияларды аткаруучу ыйгарым
укуктуу кызматтардын иштерин координациялайт;
- ата-энесинен кароосуз калган балдардын, асырап алууга тийиш
болгон балдардын эсебин алууну жүргүзөт;
- балдарды асырап алууну каалаган адамдардын эсебин алат;
- балдарды асырап алууда документтерди даярдайт жана сотко
корутунду берет;
- баланы асырап алуу өтүнүчү менен кайрылган адамдар асырап
алуучуларга коюлган талаптарга жооп бере тургандыгын текшерет, баланы
асырап алууну каалаган адамдын жашоо-шарттарын текшерип, ал баланы
асырап алуу кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгын аныктайт;
- ата-энелеринин же камкорчулук көрүүчүлөрдүн асырап алууга, асырап
алуучунун жубайынын, балдар мекемесинин администрациясынын макулдугун,
ошондой эле он жашка чыккан баланын өзүнүн макулдугун аныктайт;
- асырап алган үй-бүлөдө асыранды баланын тарбиясына көз салууну
ишке ашырат, зарыл учурларда асырап алууну алып таштоо же жараксыз деп
табуу жөнүндө сотко доо коюшат, асырап алууну алып таштоо жана башка
кишилер тарабынан козголгон асырап алууну жараксыз деп таануу жөнүндө
сот тарабынан каралган иштерге катышат жана ушул иштер боюнча
корутунду беришет;
- тиешелүү жактардын ортосунда талаш-тартыш болсо, документтерди
даярдайт жана сотко корутунду берет;
- сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, камкорчулукка
алынгандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргойт;
- баланын өмүрүнө же анын ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келсе,
баланы ата-энелеринен (алардын бирөөнөн) же ал багууда турган башка
адамдардан дароо алып коюшат;
- зарыл учурларда камкорчуларга камкордукка алынган баланын атынан
бүтүмдөрдү жасоого, ал эми камкордукка алгандарга - мындай бүтүмдөрдү
жасоо үчүн макулдук берүүгө алдын ала уруксат берет;
- ата-энесинен кароосуз калган эрезеге жетелектерди камкордукка
(көзөмөлчүлүккө) алууну каалаган адамдар жөнүндө маалыматтар базасын
түзөт.
IV. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк
органдарынын укуктары жана милдеттери
8. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын милдеттери.
8.1. Камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынууга тийиш болгон бардык
адамдарга карата:
- камкорчулукка алынгандардын жеке жана мүлктүк укуктары менен
кызыкчылыктарын коргоо;
- камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн иштерине даттанууларды кароо;
- сотто доогер жана жоопкер катары чыгуу, камкордукка алынгандардын
укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо;
- тиешелүү жактарга, мекемелерге жана уюмдарга камкорчулук жана
көзөмөлчүлүк маселелерине тиешелүү корутундуларды жана маалымкаттарды
берүү;
- камкорчуларга жана көзөмөлчүлөргө тиешелүү күбөлүктөрдү берүү;
- ата-энелери же аларды алмаштыруучу адамдар тарабынан балдарды
тарбиялоодо келип чыгуучу талаш маселелерди чечүү;
- камкорчунун камкордукка алынган баладан эки башка жашоо
мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду берүү;
- камкорчу же көзөмөлчү камкордукка же көзөмөлдүккө алууну балага
зыян келгидей түрдө пайдаланса же болбосо камкордукка алынган баланы
көзөмөлсүз же зарыл материалдык жардамсыз калтырса, күнөөлүү адамды
белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү;
- камкорчулукка алынгандардын турак жайлык укуктарын коргоо боюнча
чараларды көрүү.
8.2. Эрезеге жетелектерге карата:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте эрезеге
жетелектерди толук жарамдуу деп жарыялоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө
корутундуларды берүү;
- ата-энелик укуктардан ажыратуу, ата-энелик укуктарды чектөө, ата-
энелик укуктардан ажыратпастан баланы алып коюу, асырап алууну жоюу
жөнүндө иштер боюнча жана эрезеге жетелектердин укуктарын жана
кызыкчылыктарын коргоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган
башка иштер боюнча сотко кайрылуу, ошондой эле бул маселелер боюнча
корутундуларды берүү;
- ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө соттук иштерге
катышуу;
- ата-энелик укуктардан ажыратылган ата-энелердин балдары менен
карым-катнаштары жөнүндө маселелерди чечүү;
- балдарды тарбиялоого жана алардын мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес
укуктарын коргоого байланыштуу иштер боюнча корутундуларды берүү жана
сотторго катышуу;
- балдарды берүү же алып коюу жөнүндө соттук чечимдердин
аткарылышына катышуу;
- камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө муктаж болгон эрезеге жетелек
адамдарды убактылуу жайгаштырууну, ошондой эле алардын мүлкүнүн
сакталышын камсыздоо;
- жетим балдарды, ата-энесинен кароосуз калган балдарды жана үй-
бүлөдө тарбиялоо үчүн нормалдуу шарттары жок эрезеге жетелектерди
жарандардын камкордугуна (көзөмөлчүлүгүнө), үй-бүлөдө асырап алууга,
ал эми мындай мүмкүнчүлүктөр болбосо тарбиялоочу, дарылоочу
мекемелерге же калкты социалдык жактан коргоо мекемесине жайгаштыруу
үчүн документтерди даярдоо;
- асырап алуучу ата-энелердин, тарбиялоочу ата-энелердин, асырап
алуучу үй-бүлөлөрдүн, камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн милдеттерин
аткарууга жөндөмдүү, ведомстволук аймакта жашаган Кыргыз
Республикасынын жарандарынын арасынан адамдарды тандоо жана эсебин
алуу;
- асырап алуучу үй-бүлөгө камкордукка жана көзөмөлдүккө алуу үчүн
бepүүгө балдардын эсебин алуу, ведомстволук аймакта жашаган балдарды
асырап алуу үчүн зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте
даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодексинин 82-статьясында
белгиленген тартипте балдарды алып коюуга катышуу;
- прокурорго токтоосуз кабарлоо, баланы убактылуу жайгаштырууну
камсыздоо жана баланы алып коюу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын актысы чыккандан кийин жети күндүн ичинде ата-
энелик укуктарды ажыратуу же чектөө жөнүндө сотко доо менен кайрылуу;
- эрезеге жетелек баладан башка жашаган ата-энелик укугун камсыз
кылуу, баланы тарбиялоого катышууга жана аны менен мамилелешүүгө,
ошондой эле бала менен мамилелешүүдө башка туугандарынын укуктарын
камсыздоо боюнча чараларды көрүү;
- эрезеге жетелек балдардын кызыкчылыгына анын фамилиясын жана атын
өзгөртүү жөнүндө маселелерди чечүү;
- эрезеге жетелек балдардын көзөмөлсүз калышынын жана алардын укук
бузушунун алдын алуу боюнча мамлекеттик структуралардын системасына
кирген органдар, мекемелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
- камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
8.3. Сот тарабынан жарамсыз же жарамдуулугу чектелген адамдарга
карата:
- психикалык бузулуунун натыйжасында сот тарабынан жарамсыз деп
таанылган кишилерге, ошондой эле спирт ичимдиктерин же бањги заттарын
ашкере пайдалануунун кесепетинен жарамдуулугу сот тарабынан
чектелгендерге камкорчуларда жана көзөмөлчүлөрдү дайындоо;
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган учурларда
жарандардын мүлкүнө камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү дайындоо;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган учурларда
жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү
бошотуу жана четтетүү;
- психикалык бузулуунун кесепетинен сот тарабынан жарамсыз деп
таанылган адамдарды психиатриялык же психоневрологиялык мекемелерге,
анын ичинде психоневрологиялык үй-интернаттарына "Психикалык жардам
жана аларды көрсөтүүдө жарандардын укуктарын гарантиялоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясына ылайык жарамсыз
адамдардын мүлктүк маселелерин алдын ала чечүүнү эске алуу менен
аларды толук мамлекеттик камсыздоого жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди
чыгаруу;
- камкордукка алынгандарды багуу маселелерин чечүү, Кыргыз
Республикасынын Жарандык кодексине ылайык алардын учурдагы кирешелерин
жана мүлкүн тескөө;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 72-статьясына ылайык
камкордукка алынгандардын мүлкүн тескөө;
- камкордукка алынгандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо
жөнүндө арыздар менен сотко кайрылуу;
- калкты социалдык жактан коргоонун стационардык мекемелеринде
камкорчулук комиссияларын түзүү жөнүндө чечим чыгаруу, алардын жеке
курамын жана жоболорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык алардын иштерине контролдук жүргүзүү;
- камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери боюнча жарандардын
сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо, алар боюнча чараларды
көрүү.
8.4. Социалдык патронатты белгилөө боюнча:
- "Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыррыз Республикасынын
Жарандык кодексине ылайык уй-бүлөгө же айрым жарандарга социалдык
патронат формасында камкорчулук белгилөө жана куратор дайындоо;
- үй-бүлө менен жекече иштөө пландарын (ПИРС) иштеп чыгуу жана
аткаруу;
- социалдык патронат маселелери боюнча жарандардын сунуштарын,
арыздарын жана даттанууларын кароо, алар боюнча чараларды көрүү.
9. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары төмөнкүлөргө
укуктуу:
9.1. Мекемелерден, ишканалардан жана уюмдардан, ошондой эле
жарандардан керектүү документтерди жана башка материалдарды сурап
алууга.
9.2. Турак жай тиричилик шарттарын текшерүү жүргүзүүгө жана
камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелерин чечүү үчүн зарыл
маалыматтарды алуу максатында жарандарды, ошондой эле кызмат адамдарын
сурамжылоого.
9.3. Камкордукка алынгандардын жеке жана мүлктүк укуктары менен
таламдарын коргоо маселелери боюнча сүйлөшүү жана түшүндүрмөлөрдү
берүү үчүн ата-энелерди, камкорчуларды, көзөмөлчүлөрдү, асырап
алуучуларды жана башка жарандарды чакырууга.
9.4. Ата-энелерди (алардын бирөөнү) ата-энелик укуктардан ажыратуу
жөнүндө материалдарды сотко берүүгө жана маселе коюуга.
9.5. Бала камкордугунда турган ата-энелерден же башка адамдардан
баланы алып коюу жөнүндө маселе коюуга.
9.6. Жаранды жоопкерчиликке жарамсыз же жарамдуулугу чектелген деп
таануу жөнүндө сотко материалдарды жиберүүгө.
9.7. Үй-бүлөлөргө же айрым жарандарга алардын жашаган жери боюнча
социалдык патронат дайындоого.
9.8. Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодексинин 148-статьясына
ылайык баланы асырап алууну жокко чыгарууну талап кылууга.
10. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча функцияларды ишке ашыруу
жагынан жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын башчыларынын
компетенциясы.
10.1. Эрезеге жетелектерге карата:
- камкорчу жана көзөмөлчү дайындоо;
- баланы мамлекеттик коргоого муктаж деп таануу;
- баланы толук мамлекеттик камсыздоого берүү;
- баланы ата-энесинен кароосуз калган балдар жана жетим балдар үчүн
мекемеге жиберүү;
- камкордукка алынгандарды багуу жана Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык алардын учурдагы кирешелерин жана мүлкүн тескөө;
- нотариалдык күбөлөндүрүүнү же каттоону талап кылуучу бүтүмдөргө
уруксат берүү; камкордукка алынгандардын мүлкүн башкаруунун тартиби
жөнүндө мыйзамда каралган учурларда камкордукка алынгандардын атынан
бүтүмдөрдү жасоо;
- турак жайын ажыратууга, алмашууга, мамлекеттик коргоого муктаж
балага таандык укуктардан же көрсөтүлгөн укуктардын көлөмүн
өзгөртүүдөн баш тартууга алып келүгүчү бардык бүтүмдөрдү жасоо;
- камкорчу менен камкордукка алынгандын, көзөмөлчү менен көзөмөлгө
алынгандын бөлөк жашоосуна уруксат берүү;
- мамлекеттик коргоого муктаж деп таанылган балдардын турак жайлык
укуктарын коргоо жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган учурларда турак жай аянты менен камсыздоо;
- камкорчуну, көзөмөлчүнү өз милдеттерин аткаруудан бошотуу,
четтетүү;
- баланын укуктарын коргоо боюнча планды бекитүү, анын аткарылышын
текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде ага өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү, баланы ата-энесине кайтарып берүү максатында
баланын укуктарын коргоо боюнча планды кайра кароо жөнүндө корутундуну
бекитүү;
- эрезеге жетелектердин фамилиясын өзгөртүү;
- никелик курагын төмөндөтүү.
10.2. Психикалык жактан бузулуунун кесепетинен сот тарабынан
жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган адамдарга, ошондой эле спирттик
ичимдиктерди же бањгизаттарын ашкере пайдалануунун кесепетинен
жарамдуулугу сот тарабынан чектелген адамдарга карата:
- камкорчулукту, көзөмөлчүлүктү дайындоо же токтотуу;
- психикалык жактан бузулуунун кесепетинен сот тарабынан
жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган адамды психиатриялык же
психоневрологиялык мекемеге жайгаштыруу;
- жоопкерчиликке жарамсыз адамды мамлекеттик толук камсыздоого
психоневрологиялык үй-интернатына жиберген учурда анын мүлкүн сатуу;
- калкты социалдык жактан коргоонун стационардык мекемесинде
камкорчулук комиссиясын түзүү, анын жеке курамын же жобосун бекитүү;
- социалдык патронат формасында камкорчулукту белгилөө же токтотуу;
- камкорчулук милдеттерин аткаруу мезгилинде камкордукка алынгандын
аянтына камкорчуну каттоого уруксат берүү.
13. Төмөнкүдөй учурларда келишимдерди түзүү:
- асыроочу үй-бүлөнү түзүүдө;
- баланы асыроочу үй-бүлөгө тарбиялоого берүүдө;
- мүлкүн ишенимдүү башкарууда;
- укуктарды ыйгарым укуктуу кызматтарга берүүдө;
- ӨЭУлар менен өз ара аракеттенүүдө.
V. Ыйгарым укуктуу кызматтардын укуктары жана милдеттери
11. Билим берүү органдары ыйгарым укуктуу кызмат (уюм) катары:
11.1. Ата-энесинен кароосуз калган балдарды жана үй-бүлөдө
тарбиялоо үчүн нормалдуу шарттары жок, мамлекеттик коргоого муктаж
эрезеге жетелектерди аныктоону жана эсебин алууну уюштурат жана
жүргүзөт.
11.2. Социалдык жетимчиликтин, балдарга катаал мамиле жасоонун
алдын алуу боюнча иштерди жүргүзөт.
11.3. Камкорчунун жана көзөмөлчүнүн милдеттерин аткарууга
каалоолорун билдиришкен жана ага коюлуучу талаптарды канааттандырган
адамдарды тандоодо көмөктөшөт.
11.4. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк аныкталган эрезеге
жетелектердин эсебин алууну жүргүзөт.
11.5. Камкордукка алынгандардын жашоо жана тарбиялоо шарттары
тууралуу текшерүүлөрдү жүргүзөт жана корутундуларды даярдайт.
11.6. Баланы тарбиялоого алууну каалаган жарандарды даярдоону
жүргүзөт.
11.7. Баланын, ошондой эле аны тарбиялоого талапкер адамдардын
турмуш шарттарын текшерет, балдарды тарбиялоого байланыштуу талаш-
тартыштар боюнча сотко корутунду берет.
11.8. Камкордукка алынгандардын укуктарын коргоо жана мыйзам менен
корголуучу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча маалыматтык,
психологиялык, педагогикалык, юридикалык жана башка жардамдарды
көрсөтөт.
12. Саламаттык сактоо органдары ыйгарым укуктуу кызмат (уюм)
катары:
12.1. Камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алууга муктаж, нервдик-
психикалык жактан бузулган адамдарды аныктайт жана эсебин алат.
12.2. Нервдик-психикалык бузулуунун кесепетинен сот тарабынан
жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган адамдарга камкорчулукту
белгилегенге чейин зарыл жардамдарды көрсөтөт.
12.3. Камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө муктаж адамдардын ден
соолук абалы жөнүндө камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарына
медициналык корутунду даярдайт жана берет.
12.4. Камкорчулук белгиленген адамдарды медициналык эсепке алууну
жүргүзөт.
12.5. Медициналык жардам берет, камкорчуларга жана көзөмөлчүлөргө
камкордукка алынгандар үчүн медициналык байкоо жүргүзүүнү уюштурууда
көмөктөшөт.
12.6. Психикалык бузулуунун кесепетинен сот тарабынан
жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган адамдарды психиатриялык же
психоневрологиялык мекемелерге орноштурат.
12.7. Сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз же жарамдуулугу
чектелген деп таануу, айыккан жаранды жоопкерчиликке жарамдуу деп
таануу, жарамдуулугуњ чектөөнү жоюу жөнүндө жарандын нервдик-
психикалык абалы тууралуу медициналык корутунду берет.
12.8. Талаш-тартыш учурлар келип чыкканда баланын курагы жөнүндө
медициналык корутунду берет.
13. Калкты социалдык жактан коргоо органдары ыйгарым укуктуу кызмат
(уюм) катары:
13.1. Социалдык патронат формасындагы камкорчулукту белгилегенге
чейин эрезеге жеткен жарамдуу адамдарга зарыл жардам көрсөтөт, анткени
алар ден соолук абалы боюнча өзүнүн укуктарын өз алдынча ишке ашырып
жана өз милдеттерин аткара алышпайт.
13.2. Зарыл учурларда камкорчунун милдеттерин аткарууга жөндөмдүү
адамдарды тандоого көмөктөшөт, камкорчуну дайындоо үчүн, ошондой эле
камкорчуну өз милдеттерин аткаруудан бошотуу же четтетүү үчүн зарыл
материалдарды даярдайт.
13.3. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгиленген адамдардын эсебин
алууну жүргүзөт.
13.4. Мыйзамда белгиленген тартипте камкорчулукка алган адам
камкорчулукка алынганды кара ниеттүү максаттарда пайдаланган, ошондой
эле камкордукка алынган адамды багуусуз жана зарыл жардамсыз калтырган
учурларда алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырат.
13.5. Ден соолук абалы боюнча социалдык патронат формасында
камкорчулукка муктаж болгон эрезеге жеткен жоопкерчиликке жарамдуу
адамдарды социалдык коргоо системасынын мекемелерине жайгаштырууну
ишке ашырат.
13.6. Социалдык патронат формасында камкорчулук маселелери боюнча
жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт жана алар
боюнча чараларды көрөт.
14. Социалдык, медициналык мекемелер, балдар үйлөрү, мектеп-
интернаттар, баш калкалоочу үйлөр менчигинин түрүнө карабастан ыйгарым
укуктуу кызмат (уюм) катары:
14.1. Туруктуу жашоо үчүн келген адамдарга камкорчулук же болбосо
көзөмөлчүлүк функцияларын ишке ашырат.
14.2. Камкордукка алынгандардын турак жайлык, мүлктүк жана жеке
мүлктүк эмес укуктары менен кызыкчылыктарын ишке ашырат, камкорчулук
комиссиялары аркылуу камкордукка алынган адамдардын кызыкчылыгында
алардын учурдагы кирешелерин тескейт.
14.3. Жетим балдардын жана ата-энесинен кароосуз калган балдардын,
ошондой эле алардын ичинен 21 жашка чейинки курактагы адамдардын
(балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энесинен кароосуз калган
балдар аларды окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүндө окуткан
учурларда) укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырат.
14.4. Сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган адамдын
кызыкчылыгында никени жараксыз деп таануу жөнүндө өтүнүч кат берет.
VI. Камкорчулар менен көзөмөлчүлөрдүн
иштерине контроль жүргүзүүнүн тартиби
15. Камкорчулар менен көзөмөлчүлөрдүн иштерине контролдукту
камкордукка алынган адам жашаган жери боюнча камкорчулук жана
көзөмөлчүлүк органы ишке ашырат, мында:
- камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары камкордукка алынгандарды
тарбиялоо, аларды окутуу жана социалдык адаптациялоо, аларга зарыл
тиричилик шарттарын түзүү, багууну жана дарылоону камсыздоо, алардын
укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо жана алардын мүлкүн башкаруу
боюнча камкорчулар менен көзөмөлчүлөр иштерин жылына кеминде эки жолу
текшерип турат;
- текшерүү камкордукка алынгандарга баруу аркылуу жүргүзүлөт.
Эрезеге жетелек камкордукка алынгандарга барууда аны тарбиялоо
шарттары, камкорчунун же көзөмөлчүнүн тарбиячы катары иштери, анын
камкорчуга же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамилеси, ден соолук абалы,
жетишкендиги, жүрүм-туруму, эс алуусун уюштуруусу, эгерде ал иштесе
ишинин шарты, анын ишке болгон мамилеси, ал ишти окуу менен
айкалыштыра тургандыгы аныкталат;
- камкордукка алынгандардын жашоо турмушунун материалдык-тиричилик
шарты аныкталат жана камкорчуга (көзөмөлчүгө) өткөрүлүп берилген
мүлктү жазуу менен эрезеге жетелек адамга таандык мүлктүн бар экендиги
текшерилет;
- эрезеге жетелек камкордукка алынгандарга барууда анын турмушунун
материалдык-тиричилик шарттары, ден соолук абалы, ага медициналык
жардамды өз учурунда көрсөтүү, камкорчунун (көзөмөлчунун) ага болгон
мамилеси, баланын жеке мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо
боюнча камкорчунун (көзөмөлчүнүн) иштери аныкталат;
- жүргүзүлгөн иштер тууралуу акт түзүлөт, анда кандай иштер
жүргүзүлгөндүгү, кемчиликтер табылса, аларды четтетүү боюнча сунуштар
көрсөтүлөт.
VII. Камкордукка алынгандардын мүлкүн башкаруу
16. Камкордукка алынгандардын мүлкүн башкаруу тартиби:
16.1. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары ата-энесинен кароосуз
калган эрезеге жетелектердин, сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз же
жарамдуулугу чектелген деп таанылган адамдардын мүлкүн каттайт. Мүлкүн
каттоо эки нускада түзүлүп, алардын бири камкорчулук жана көзөмөлчүлүк
органында болот, ал эми экинчиси дайындалган көзөмөлчүгө же камкорчуга
берилет.
16.2. Камкорчу камкордукка алынган адамдын атынан жана анын
кызыкчылыгында камкордукка алынгандардын мүлкүн жана баалуулуктарын
башкарат. Камкордукка алынган адамга таандык акчалай сумманы жана
башка баалуулуктарды ажыратат, сактайт жана тескейт, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алардын атынан жана
алардын кызыкчылыгында бардык зарыл бүтүмдөрдү түзөт.
16.3. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки курактагы эрезеге
жетелектерге көзөмөлчүлөр мыйзам боюнча эрезеге жетелектер өз алдынча
түзүүгө укуксуз болгон бүтүмдөрдү жасоого макулдук берет.
16.4. Жарамдуулугу чектелген адамдардын көзөмөлчүлөрү ал адамдар
өзүлөрүнө эсептелген төлөмдөрдү алуусуна жана алынган акчалай
суммаларды жана башка мүлктү камкордукка алынган адам өз алдынча
тескөөсүнө макулдук берет.
17. Камкорчу же көзөмөлчү төмөнкүлөргө укуксуз:
17.1. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын алдын ала
уруксатысыз, тиричилик бүтүмдөрүнөн тышкары камкордукка алынгандын
атынан бүтүмдөрдү жасоого, ал эми көзөмөлчү жогоркуларга макулдук
берет. Атап айтканда камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын алдын
ала уруксаты нотариалдык жактан күбөлөндүрүүгө жана атайын каттоого
тийиш болгон келишимдерди түзүү, камкордукка алынгандарга тиешелүү
укуктардан баш тартуу, мүлкүн бөлүү, турак жайын бөлүү же алмашуу жана
мүлктү ажыратуу үчүн талап кылынат.
17.2. Көзөмөлгө жана камкордукка алынгандар менен бүтүм жасоого.
17.3. Бүтүмдөрдү түзүүдө же камкордукка алынган адам менен
камкорчунун же көзөмөлчүнүн жубайынын жана алардын жакын туугандарынын
ортосунда соттук иштерди жүргүзүүдө аларда камкордукта жана
көзөмөлчүлүктө турган адамдарды көрсөтүүгө.
17.4. Камкордукка алынган адамдын атынан белекке берүү келишимдерин
түзүүгө.
18. Камкордукка алынгандардын каражаттарын бөлүштүрүү:
18.1. Пенсиялар, пособиелер, алименттер жана башка учурдагы
түшүүлөр катары камкордукка алынгандарга тиешелүү суммалар камкорчунун
же көзөмөлчүнүн карамагына түшөт жана камкордукка алынган адамды
багууга жумшалат.
18.2. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки курактагы эрезеге
жетелектер эмгек акысын, стипендиясын, өзүлөрүнүн автордук жана ойлоп
табуучулук укуктарынын натыйжасында алган сыйлыктарын өз алдынча
жумшайт.
18.3. Эрезеге жетелек жоопкерчиликке жарамдуу, ден соолук абалы
боюнча көзөмөлчүлүктө турган адамдарга тиешелүү сумманы сарптоо
көзөмөлчү тарабынан камкордукка алынгандардын макулдугу менен гана
жүргүзүлөт.
18.4. Камкорчулар жана көзөмөлчүлөр камкордукка алынган адамдын
мүлкүн башкарууга камкордукка алынгандар үчүн берилген бардык
каражаттарды эсепке алууга, ошондой эле мүлктү башкарууга жана
сактоого байланыштуу башка иштерди жасоого милдеттүү. Камкорчулар жана
көзөмөлчүлөр камкордукка алынган адамдын мүлкүн башкаруу жана сактоо
боюнча камкорчулар менен көзөмөлчүлөрдүн тиешелүү органына жыл сайын
өткөн жыл үчүн 15-февралдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө отчет берип
турат.
18.5. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органы камкорчулардан жана
көзөмөлчүлөрдөн отчетторду жылдык мөөнөт бүткөнгө чейин да талап кыла
алат. Отчеттор негизги мааниси боюнча текшерилет жана аларды туура деп
тапкан учурда бекитилет, андай болбосо камкорчулар менен
көзөмөлчүлөрдөн түшүндүрмөлөрдү жана жүйөлүү документтерди берүү талап
кылынат.
18.6. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органы камкордукка алынган
адамдарга карата өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ак ниетсиз жана туура
эмес аткаруудан келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуртууга, ал эми
камкорчулук жана көзөмөлчүлүк бүткөн учурда камкордукта же
көзөмөлчүлүктө турган жоопкерчиликке жарактуу адам камкорчудан же
көзөмөлчүдөн аларды талап кылууга укуктуу.
18.7. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк токтотулган, ошондой эле
камкорчулар жана көзөмөлчүлөр милдеттерин аткаруудан бошотулган же
четтетилген учурларда алар өз иштери тууралуу жалпы отчет беришет, аны
камкорчулук жана көзөмөлчүлүктүн тиешелүү органы карайт, ал эми
камкордукка алынгандын мүлкү акты боюнча өткөрүлүп берилет.
VIII. Корутунду жоболор
19. Кадрдык камсыздоо:
19.1. Эрезеге жетелектерге камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча
функцияларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарында балдардын укуктарын коргоо боюнча инспекторлордун атайын
кызматтары каралат.
19.2. Эрезеге жетелектерге камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча
функцияларды ишке ашыруу үчүн он мињ балага карата 1 бирдик эсебинде
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санына балалыкты
коргоо боюнча инспектордун кошумча бирдиги киргизилиши керек.
19.3. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык
негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына
ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык
бюджеттен камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча функцияларды ишке
ашырууга байланыштуу чыгымдарга каражат бөлүнүп берилет.