Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 9-августу № 568 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-апрелиндеги № 150 "Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 194-6буйругу менен бекитилген Тамеки буюмдарына орточо базар баасын ай сайынаныктоо жана мониторингдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечи-мине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-апрелиндеги №150 "Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкаларынкайра кароо жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй толуктоолор кир-гизилсин: - II категориядагы "Кыргыз базарындагы сигареттердин маркалары"графасы "Mustang Full (катуу куту)" деген сөздөрдөн кийин "Ваша ПримаДона Full Flavour (катуу жана жумшак куту), Ростов Full Flavour (катуужана жумшак куту), Marshall Full Flavour/Lights/Super lights (катуу ку-ту)" деген сөздөр менен толукталсын; - III категориядагы "Кыргыз базарындагы сигареттердин маркалары"графасы "Maxim King Size, Maxim Lights" деген сөздөрдөн кийин "AsmoloffFull Flavour/Lights/Super lights/Premium (катуу куту), Наша марка (Юби-лейная) Full Flavour /Lights/Super lights (катуу куту), Наша марка(Особая) Full Flavour/Lights/Super lights (катуу куту), Navigator FullFlavour/Lights/Super lights/Medium (катуу куту)" деген сөздөр менен то-лукталсын; - IV категориядагы "Кыргыз базарындагы сигареттердин маркалары"графасы "Pall Mall Full Flavor/Lights/Super lights (катуу куту)" дегенсөздөрдөн кийин "Kiss" Full Flavor/Lights/Super lights/Menthol (катуукуту), "Донской табак" Full Flavor/Lights/Super lights/Menthol (катуукуту), "Asmoloff" Full Flavour/Lights/Super lights/Premium (катуу куту,25 даана) деген сөздөр менен толукталсын; V категориядагы "Кыргыз базарындагы сигареттердин маркалары" графа-сы "Zest Menthol (menthol)" деген сөздөрдөн кийин "Continent Full Fla-vor/Lights/Super lights/Menthol (катуу куту) деген сөздөр менен толук-талсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 3. Бул токтом расмий түрдө жарыялангандан он беш күн өткөндөн ки-йин күчүнө кирет. Премьер-министр Ф.Кулов