Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 11-августу N 572 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаарынын "Жал" кичи районундагы "В-16", "Г-5", "В-23" үч көп квартиралуу турак үйдүн курулушун бүтүрүү жөнүндө Коммерциялык банктардын каражаттарын тартуунун эсебинен Бишкек ша-арынын "Жал" кичи районундагы "В-16", "Г-5", "В-23" үч көп квартиралуутурак үйдүн курулушун бүтүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен"Халык Банк Кыргызстан" ачык акционердик коомунун ортосундагы "Мамле-кеттик субсидияларды пайдалануу менен келечектеги заемчуларды ипотека-лык кредиттөө шарттарында Бишкек шаарынын "Жал" кичи районундагы"В-16", "Г-5", "В-23" үч көп квартиралуу турак үйдүн курулушун бүтүрүүтартиби жөнүндө" Башкы макулдашуу жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрине жого-руда аталган Макулдашууга кол коюга ыйгарым укук берилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ипотекага каралган 200,0млн.сомдон "Халык Банк Кыргызстан" ачык акционердик коомунун ипотекалыккредиттеринин проценттик ставкаларын субсидиялоо боюнча каржылоону кам-сыз кылсын; - Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик менен бир-дикте "Корпорация Азат" ачык акционердик коому менен үч турак үйдүн ку-рулушун бүтүрүүгө келишим түзсүн. 4. "Халык Банк Кыргызстан" ачык акционердик коомуна аннуитеттиктөлөмдөрдү келтирбестен ипотекалык кредиттерди эсептөөнүн классикалыксхемасы боюнча турак жайдын келечектеги ээлери менен ипотекалык кредит-тердин эсептерин жетекчиликке алуу сунушталсын. 5. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-туу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдиктеБишкек шаарынын "Жал" кичи районундагы аталган үч турак үйдүн курулушу-нун сапатына жана аны өз учурунда бүтүрүүгө техникалык көзөмөлдү камсызкылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жана курулуш,транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов