Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 217 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн
2007-жылдын 27-августундагы № 377 2013-жылдын 1-июлундагы № 395
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Жобо техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды (мындан ары - эксперттик комиссиялар) түзүүнүн тартибин жана ишмердигин аныктайт.
2. Эксперттик комиссиялар "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык түзүлөт жана иштейт.
3. Эксперттик комиссиялардын негизги милдети техникалык регламенттердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү жана тиешелүү корутундуларды даярдоо болуп эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (мындан ары - Министрлик):
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын жана техникалык регламенттердин долбоорун иштеп чыккандыгы тууралуу кабарламаны эске алып эксперттик комиссияларды уюштурат;
б) аткаруу бийлик органдарына, илимий-техникалык уюмдарга, ишкерлердин бирикмелерине жана керектөөчүлөргө эксперттик комиссиянын курамына киргизүү үчүн талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуштар менен кайрылуу жиберет;
в) иштеп чыгуучудан техникалык регламенттин долбоорун, түшүндүрмө катын, сын-пикирлердин жыйындысын жана техникалык регламентти иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун максатка ылайыктуулугун каржылык-экономикалык негиздемесин, ошондой эле эксперттик комиссия кароого тийиш болгон пикир келишпөөчүлүктүн тизмесин (алар болгондо) алгандан кийин каралып жаткан техникалык регламентти таратуу тармагын эске алуу менен он күндүк мөөнөттүн ичинде эксперттик комиссиянын курамын аныктайт;
г) эксперттик комиссиянын жекече курамын бекитет, техникалык жөнгө салуунун тиешелүү тармагындагы адистердин арасынан, төраганы жана анын орун басарын, ошондой эле эксперттик комиссиянын жооптуу катчысын Министрликтин кызматкерлеринин арасынан дайындайт;
д) эксперттик комиссиянын ишмердигин камсыз кылат, анын ичинде эксперттик комиссиянын сунушу боюнча комиссиянын иштерине адистерди тартат;
е) эксперттик комиссиянын корутундусун тариздейт жана эксперттик комиссиядан алгандан баштап үч күндүк мөөнөттө техникалык регламентти иштеп чыгуучуга жөнөтөт;
ж) техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып беш жылдын ичинде, ушул Жобого ылайык иштеп жаткан техникалык регламенттин, Мыйзамда белгиленген максаттарга, ошондой эле эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келүүсүнө экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылат;
з) эксперттик комиссиянын ишинин регламентин иштеп чыгат жана бекитет;
и) эксперттик комиссиянын иш планын иштеп чыгат;
к) иш планына ылайык жана белгиленген мөөнөттөрдө эксперттик комиссиянын ишин уюштурат;
л) иштелип чыгуучу техникалык регламенттерди жайылтуу тармагында эксперттердин (адистердин) реестрин түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Теңдештик башталышта эксперттик комиссиянын курамына аткаруу бийлик органдарынын, илимий-техникалык уюмдардын, ишкерлердин бирикмелеринин жана керектөөчүлөрдүн сунуштарын эске алуу менен алардын өкүлдөрү кирет.
6. Эксперттик комиссия төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
а) техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучудан, ага таламдаш жактардан техникалык регламенттин долбоору боюнча алынган сын-пикирлерин жана башка керектүү маалыматтарды сурап алууга;
б) мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан эксперттик комиссиянын компетенциясына кирген суроолор боюнча маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;
в) эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн жана (же) таламдаш жактардын арасынан айрым маселелерди иштеп чыкканга жумушчу топторду түзүүгө;
г) техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучуларды техникалык регламенттин долбоорунун жоболорун түшүндүрүүгө тартууга.
7. Мамлекеттик жашыруун сырды сактоо кызыкчылыгында маалыматтар чектелүү болгон кезден башка учурда эксперттик комиссиянын жыйналышы ачык өткөрүлөт.
Мамлекеттик жашыруун сырды камтыган техникалык регламенттин долбооруна экспертиза жүргүзгөн адамдардын ушундай маалыматтарды билүүгө тиешелүү укугу болушу керек.
8. Эксперттик комиссияны анын төрагасы башкарат, ал эксперттик комиссиянын иштери үчүн жоопкерчилик тартат. Эксперттик комиссиянын ишинин планы эксперттик комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
Эксперттик комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдетин орун басары аткарат.
Эксперттик комиссиялардын ишмердигин маалыматтык, уюштуруу-техникалык камсыз кылуу эксперттик комиссиянын жооптуу катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат. Эксперттик комиссиянын жооптуу катчысы тиешелүү эксперттик комиссиянын төрагасы менен эксперттик комиссиянын биринчи отурумун өткөрүү күнүн, убактысын жана өтө турган ордун макулдашат, отурумдун протоколун алып барат, эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө керектүү маалыматтарды жана документтерди жөнөтөт, отурум боюнча аларга маалымдайт.
Эксперттик комиссиянын кийинки отурумдары боло турган күндөрүн, эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн макулдашуусу менен эксперттик комиссиянын төрагасы аныктайт.
Эксперттик комиссиянын кийинки отурумдарынын күн тартибинин долбоору, эксперттик комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашып, өтүп жаткан отурумда, эксперттик комиссиянын төрагасы тарабынан түзүлөт.
9. Эксперттик комиссия техникалык регламенттин долбоорун алган күндөн баштап бир айдын ичинде экспертизаны жүргүзүп жана аны кабыл алуу максатка ылайыктуулугун, Мыйзам менен белгиленген максаттарга, эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге, ошондой эле улуттук экономиканын кызыкчылыгына шайкеш келүүсүн (келбешин) камтыган жыйынтыктарга негизделген корутундуну даярдайт.
Зарыл учурда Министрлик менен макулдашуу боюнча эксперттик комиссиянын төрагасы техникалык регламенттин долбооруна экспертиза жүргүзүүнү он күндөн ашпаган мөөнөткө узартат.
Техникалык регламенттин долбооруна кайрадан экспертиза ушул Жободо аныкталган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
10. Эксперттик комиссиялардын отуруму эксперттик комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча жумасына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Эксперттик комиссиянын отуруму анын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү катышканда гана өтүүгө укуктуу.
Эксперттик комиссиянын мүчөлөрү отурумуна өзүнүн ордуна башка бирөөнү катыштырууга укугу жок.
Эксперттик комиссиянын корутундусу эксперттик комиссиянын отурумуна катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Добуштар тең болуп калган учурда эксперттик комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат.
Эксперттик комиссиянын мүчөсү комиссиянын корутундусуна макул болбогондо, өзүнүн өзгөчө оюн жазуу түрүндө берүүгө укуктуу жана ал эксперттик комиссиянын корутундусуна тиркелет.
11. Министрлик эксперттик комиссиянын корутундусун алгандан кийин эки жуманын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басма сөз басылмасында жана жалпы пайдалануудагы электрондук маалыматтык тутумда жарыялайт.
12. Эксперттик комиссиялардын ишмердигин уюштуруу-техникалык камсыз кылуу, эксперттик комиссиянын корутундусун жарыялоо, техникалык регламенттин долбооруна экспертиза жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.