Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 9-августу № 569
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-
бооруна макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-
сына жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 9-августу № 24-4/515
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
Администрациясына
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын айрым
мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга
төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен макулдук бе-
рет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү этностук кыргыздардын укуктук стату-
сун аныктоо, ошондой эле этностук кыргыздардын иммиграциясынын квотасын
аныктоо идеясын колдойт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эт-
ностук кыргыздарга статус берүүнүн укуктук механизмдерин өркүндөтүү
идеясын колдойт.
Мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясында 38-1-статьясынын ата-
лышында "оогон" деген сөздү "кайрылман" деген сөз менен алмаштырууну
сунуштайбыз.
Долбоордун 1-статьясынын 38-6-статьясын төмөнкүдөй редакцияда
берүүнү сунуштайбыз:
"38-6-статья. Этностук кыргыздарды социалдык камсыздоону (кайрыл-
ман) социалдык жактан коргоо маселелери боюнча Ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик орган этностук кыргыздарга (кайрылман) Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык социалдык пособиелерди дайындоону жана төлөөнү кам-
сыз кылат.".
15-статьянын төртүнчү абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону су-
нуш кылабыз:
"Ушул Мыйзамга ылайык этностук кыргыздын (кайрылман) статусу бе-
рилген чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жөнөкөйлөтүлгөн тартипте
туруктуу жашоого укук алат.".
33-статьянын 1-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени этностук
кыргыздар иммигранттын жөн эле статусун эмес, этностук кыргыздын (кай-
рылман) - атайын статусун алышат.
"Жарандуулук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
боюнча Мыйзамдын 1-статьясын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кы-
лабыз:
"1-статья.
"Кыргыз Республикасынын жарандары болуп төмөнкүлөр саналат:
1. СССРдин жарандыгында турган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
эгемендиги жөнүндө декларация кабыл алынганга чейин жана андан кийин
(1990-жылдын 15-декабры) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жа-
шаган жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күнүнө карата башка мамлекеттин
жарандуулугуна таандуулугу жөнүндө арыз бербеген (башка мамлекеттин жа-
рандуулугун кабыл албаган) адамдар;
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата Кыргыз Республикасынын
жараны деп таанылган адамдар;
3. Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган
адамдар.".
Премьер-министр Ф.Кулов