Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-августу N 578 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын тургундарынын социалдык муктаж-дыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын аймак-тарын кењейтүү үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 70,0га жерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде төмөнкүлөргө: - Ош облусунун Карасуу районунун Шарк айылдык кењешинин 8,0 га су-гат айдоосун жана 7,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерин; - Ош облусунун Карасуу районунун Нариман айылдык кењешинин 20,0 гасугат айдоосун; - Ош облусунун Карасуу районунун Мады айылдык кењешинин 15,0 гасугат айдоосун; - Ош облусунун Карасуу районунун Кызылкыштак айылдык кењешинин20,0 га сугат айдоосун. 2. Бул токтомдун 1-пунктундагы аталган жерлер "Айыл чарба багытын-дагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясынакоторулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырт-та зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсызкылууну эске алуу менен бөлүнгөн жер участкаларына курулуш куруугапландоочу документтерди иштеп чыксын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-тетүүчү, өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов