Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-августу № 579 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жапайы фаунанын жана флоранын жоюлуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча 1973-жылдын 3-мартында Вашингтон шаарында кол коюлган конвенцияга (CITES) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда тургантүрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча 1973-жылдын 3-мартында Вашингтон ша-арында кол коюлган конвенцияга (CITES) Кыргыз Республикасынын кошулуусужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берил-син. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директоруаталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде карал-ганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындал-сын. Премьер-министр Ф.Кулов