Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 14-августу № 581
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Керектелген электр энергиясы үчүн бюджеттик уюмдардын акы
төлөшү үчүн каралган бюджеттик каражаттарды натыйжалуу
пайдаланууга жана электр, жылуулук энергиясын керектөө
лимитин сактоого контролду күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Электр энергиясын керектөөнүн бекитилген лимитин сактоого жана
бөлүштүрүүчү электр компаниялары тарабынан бюджеттик каражаттарды пай-
даланууга контролдукту күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-
теринин жана администрациялык ведомстволорунун энергия ресурстарын
үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган иш-чараларды аткаруу,
электр энергиясын керектөөнүн бекитилген лимитин сактоо боюнча иштери-
нин жетишсиз экендиги белгиленсин.
2. Электр энергиясын керектөөнүн лимитин сактоону жана коммуналдык
кызмат көрсөтүүлөргө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун на-
тыйжалуулугун текшерүү жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу тобу-
нун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Билим
берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ма-
даният министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан
коргоо министрлигинин Баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгы, Кыр-
гыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруунун башкы
башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-
гинин алдындагы Суу чарба департаменти тарабынан коммуналдык кызмат
көрсөтүүлөргө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышынын натый-
жалуулугун жана электр энергиясын керектөө лимитинин сакталышын текше-
рүүнүн жыйынтыктарын 2006-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери
жана администрациялык ведомстволору электр энергиясын керектөөнүн энер-
гетикалык паспортторунун көчүрмөсүн 2006-жылдын 25-августуна чейинки
мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине
беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыр-
гыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана
администрациялык ведомстволорунун энергетикалык паспортторунун негизин-
де 2006-жылга электр энергиясын керектөө лимитине оњдоолорду жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары:
- бюджеттик уюмдардын балансында турган трансформатордук подстан-
цияларды өткөрүп берүүгө чыгымдардын сметасын 2006-жылдын 1-сентябрына
чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине бе-
ришсин;
- 2006-жылдын 1-ноябрына чейин бөлүштүрүүчү энергокомпаниялары ме-
нен бирдикте бюджеттик уюмдардын энергетикалык системасынан субабонент-
терди жана ижарачыларды бөлүү жөнүндө маселени чечишсин жана Кыргыз
Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине маалымат беришсин;
- электр энергиясын эсепке алууну камсыздоо үчүн жањы эсептегич-
терди кошумча орнотуунун зарылдыгы, ошондой эле алмаштырууга тийиш бол-
гон алардын саны жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине маалымат беришсин.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги, Кыргыз Рес-
публикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Баштапкы
кесиптик билим берүү башкармалыгы алардын жатаканаларында жашагандар-
дын, анын ичинде сырттан киргендердин саны, керектелүүчү электр энерги-
янын көлөмү жана ал үчүн акы төлөө жөнүндө 2006-жылдын 1-ноябрына че-
йинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-
гине маалымат беришсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Экономика жана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясына жүк-
төлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 14-августундагы
№ 581 токтомуна
тиркеме
Электр энергиясын керектөөнүн лимитин сактоону жана
коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө бөлүнгөн бюджеттик
каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүү
жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу тобунун
КУРАМЫ
Ли Г.П. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигинин отун-энергетика комплекси жана
өндүрүштүк инфраструктуралар бөлүмүнүн башкы
адиси;
Садыралиев Р.К. - Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук
агенттигинин баалар жана тарифтер бөлүмүнүн на-
чальниги (макулдашуу боюнча);
Вичканова И.Ю. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энерге-
тика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясынын
бөлүштүрүүчү энергокомпанияларды жана ке-
ректөөчүлөрдү энергия менен жабдуу инспекциясы-
нын бөлүм начальниги;
Афанасенко Н.В. - Бишкек региондук мамлекеттик инспекциясынын на-
чальнигинин орун басары.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын
жетекчиси - министр Т.Коеналиев