Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 14-августу № 583
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана
аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу
гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркел-
ген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 14-августу N 20-57/35
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
"Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке
ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинин депутаттары О.М.Артыкбаев жана А.М.Марипов тарабынан демилге кы-
лынган "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу га-
рантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чы-
гып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун
жетекчиликке алып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана су-
нуштарды эске алуу менен макулдук берет.
1. "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу
гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун
5-статьясында "- мамлекеттик колдоо көрсөтүү" деген сөздү алып салууну
сунуштайбыз, анткени үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү "Кыргыз
Республикасында мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык ишке ашырылат жана үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун
бири-бирин кайталоочу маселелерин башка мыйзамдарга да киргизүү максат-
ка ылайыксыз.
2. Мыйзам долбоорунун 18-статьясынын жетинчи бөлүгүн алып салууну
сунуш кылабыз, анткени аталган статьянын алтынчы бөлүгүндө никеде тур-
ган адамдар эмбрионду бойдо көтөрүү максатында башка аялга имплантация-
лоого өз ара келишим түзүшү аныкталган, бала төрөлгөн учурда анын
ата-энеси жарандык абалды каттоо актысына жазылат. Мында көрсөтүлгөн
норма императивдүү мүнөзгө ээ экендигин жана белгиленген жазууну жүргү-
зүүгө суррогаттуу энесинин макулдугу каралбай тургандыгын белгилейбиз.
3. 21-статьяда:
- экинчи жана үчүнчү бөлүктү алып салууну сунуштайбыз, анткени
мамлекеттик бюджеттин дайыма тартыштыгына байланыштуу мамлекет жыныстык
клеткаларды акысыз сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча жоопкерчи-
лик тарта албайт жана кепилдик бере албайт;
- жакын туугандарына кире турган адамдардын чөйрөсүн такташтыруу
максатында Мыйзам долбоорунун статьянын төртүнчү бөлүгүн "жакын тууган-
дары" деген сөздөрдөн кийин "(жубайы, ата-энеси, бир тууган ага-иниси,
эже-карындаштары)" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.";
- статьянын бешинчи бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени ал
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
баланын төрөлүшү тууралуу актыга жазууда ата-энелери жөнүндө маалымат-
тарды киргизүү тартибин белгилөөчү 17-статьяга каршы келет.
Премьер-министр Ф.Кулов