Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 14-августу № 585
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 14-августу № 19-57/34
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты С.Ш.Жеенбеков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Үрөн
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын
5-пунктуна таянып, аны төмөнкүдөй пикирлерди жана сунуштарды эске алуу
менен кабыл алыш керек деп эсептейт.
1. Мыйзам долбоорунун 1-статьясында төмөнкүлөрдү сунуш кылабыз:
3-пунктундагы "тариздөө" деген сөз алып салынсын;
5-пунктундагы "3-абзацындагы" деген сөздөр "4-абзацындагы" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
8-пунктундагы "нормативдик актылар" деген сөздөр "нормативдик
укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10, 11, 12, 15 жана 17-пункттардагы "бөлүгү" деген сөз "абзацтар"
деген сөзгө алмаштырылсын;
21-пунктундагы "4-абзацтагы" деген сөздөр "5-абзацтагы" деген сөз-
гө алмаштырылсын;
28-пункттагы "1" деген сан "2" деген санга алмаштырылсын;
37-пунктунун үчүнчү абзацы алып салынсын, анткени мындай чара Кыр-
гыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде
каралган эмес;
38-абзацындагы "мамлекеттик стандарттардын" деген сөздөр "улуттук
стандарттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын жана "коопсуздук
көрсөткүчтөрү боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
34, 35, 36 жана 37-пункттардагы "2", "5", "8", "9 жана 10" деген
сандар иретине жараша "3", "6", "9", "10 жана 11" деген сандарга алмаш-
тырылсын;
40-пунктундагы "1-абзац" деген сан жана сөз "2-абзац" деген санга
жана сөзгө алмаштырылсын;
42-пункту "1" деген сандан кийин "14-статья" деген санга жана
сөзгө алмаштырылсын.
2. Мыйзам долбоорунун 2-статьясында анын күчүнө кирүүчү күнүн
көрсөтүү керек, анткени ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу мыйзамдар
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 44-статьясына ылайык, расмий жарыяланган
күндөн кийин үч айдан эрте эмес күчүнө киришет.
Премьер-министр Ф.Кулов