Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июлундагы N 539 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы (мындан ары - МБИ) Кыргыз Республикасындагы бажы иштерине ти-кеден-тике жетекчилик кылган жана мамлекеттик башкаруу системасында ку-ралдуу укук коргоо органынын статусу бар аткаруу бийлигинин ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. МБИ өз иш-аракетин мамлекеттик бийликтин башка органдары жана укуккоргоо органдары менен өз ара кызматташуу аркылуу жүзөгө ашырат. 2. МБИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, КыргызРеспубликасынын Бажы кодексин, Кыргыз Республикасынын "Бажы органдарын-да кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка мый-замдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорун, КыргызРеспубликасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, белгиленген тар-типте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчилик-ке алат. МБИ мамлекеттик башкаруунун органы катары жана ага баш ийген,жер-жерлерде бажы иши тармагындагы функцияларды тикеден-тике жүзөгөашырчу бажы органдары (бажыканалар жана бажы посттору) Кыргыз Республи-касынын бажы кызматын түзүшөт. 3. МБИ ага жүктөлгөн тапшырмаларды өзү түздөн-түз, ошондой эле башийген бажы органдары, бажы лабораториялары, окуу жайлары жана башкабөлүмдөрү аркылуу аткарат. 4. МБИ юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамле-кеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жанарасмий тилдерде жазылган мөөрү жана Кыргыз Республикасынын Казыналыксистемасында эсептери болот. 5. МБИни каржылоо республикалык бюджеттин, ошондой эле Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын, анын ичинде Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынынБажы кызматын өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыры-лат. II. Негизги милдеттери 6. МБИнин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - Кыргыз Республикасынын бажы саясатын иштеп чыгууга жана ишкеашырууга катышуу; - Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо; - Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыгын коргоо, өз ком-петенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугункоргоону камсыз кылуу; - соода-экономикалык мамилелерди бажылык жөнгө салуунун каражатта-рын колдонуу; - бажы төлөмдөрүн өндүрүү; - контрабандага, бажы эрежелерин бузууларга каршы күрөш жүргүзүү,ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык терроризмге каршыкүрөшүүгө көмөк көрсөтүү; - өз компетенциясынын чегинде товарларды жана транспорт каражатта-рын Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүүгө байланышканоперацияларга валюталык контроль жүргүзүү; - бажы контролун жана бажылык тариздөөнү жүзөгө ашыруу жанаөркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу товаржүгүртүүлөрдү тездетүүгө көмөк берчү шарттарды түзүү; - товарларды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чегараданөткөрүү пункттары аркылуу өткөрүүгө кыйла ыњгайлуу шарттарды түзүү; - тышкы сооданын бажы статистикасын жана Кыргыз Республикасынынатайын бажы статистикасын жүргүзүү, ошондой эле тышкы экономикалык иш-мердиктин товардык номенклатурасын жүргүзүү; - товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө мамле-кеттик коопсуздукту, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, жаныбарлардыжана өсүмдүктөрдү коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, ата мекендик ке-ректөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды ишке ашыруугакөмөктөшүү; - Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин бажы ишинетийиштүү бөлүгүн аткарууну камсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын бажы иштерине тиешелүү эл аралык келишим-дерин иштеп чыгууга катышуу; - чет мамлекеттердин бажылык жана башка компетенттүү органдары,бажы ишинин маселелери боюнча иштөөчү эл аралык уюмдар менен кызматта-шууну жүзөгө ашыруу; - бажы ишинин тармагында адистерди даярдоону, кайра даярдоону жанаквалификацияларын жогорулатууну жүзөгө ашыруу; - бирдиктүү финансылык-чарбалык саясатты ишке ашыруу, бажы орган-дарынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүү, булоргандардын кызматкерлери үчүн керектүү эмгек шарттарын түзүү. III. Негизги функциялары 7. МБИ ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык, мамлекеттик бажы саясаты-нын чегинде төмөнкү функцияларды аткарат: - бажы саясатын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоого катышат; - Кыргыз Республикасынын бажы саясатын ишке ашыруунун укуктук,экономикалык жана уюштуруучулук механизмдерин иштеп чыгат; - Кыргыз Республикасында бажы ишин өнүктүрүү программаларын иштепчыгат жана ишке ашырат; - бажы иши жөнүндөгү нормативдик укуктук актылардын долбоорлоруништеп чыгууга катышат; - Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен экономикачөйрөсүндөгү мамилелерин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү, аныничинде эл аралык өндүрүштүк кооперацияны чыњдоо, экспортко өбөлгөтүзүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды даярдоогокатышат; - товарларды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чегараданөткөрүү пункттары аркылуу өткөрүү жол-жоболорун өркүндөтүү жанажөнөкөйлөштүрүү, өткөрүү пункттарында контролдоочу органдардын санынкыскартуу жана алардын бирин бири кайталоосун жоюу жөнүндөгү сунуштардыиштеп чыгат жана белгилеген тартипте киргизет; - Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарларгакарата бажылык пошлиналардын, салыктардын жана бажылык жыйымдардынставкалары жана аларды колдонуу механизмдери жөнүндө сунуштарды белги-леген тартипте киргизет; - Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарларгакарата экономикалык жөнгө салуу чараларын иштеп чыгууга катышат жанаөзүнүн компетенциясынын чегинде бул чараларды ишке ашырууну уюштурат; - Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлчү товарларбоюнча бажылык төлөмдөрдү алууну уюштурат; - товарлардын бажылык наркын аныктоонун тууралыгына контролдоосистемасын уюштурат; - юридикалык жактар жана жеке адамдар товарларды Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык алып келүүдө жана алып чыгууда бажылыктөлөмдөрдү өз убагында жана толук төлөөсүн контролдойт; - бажы контролунун жол-жоболорунун бири болуп саналган ТЭИнин ка-тышуучуларынын бажылык тариздөөсүн тандап, комплекстүү жана пландуутекшерүүлөрдү ишке ашырат; - товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынынбажы чегарасы аркылуу өткөрүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагындаөндүрүштүк жана башка коммерциялык иштерди жүргүзүүдө бажылык режимдер-дин натыйжалуу колдонулушун камсыз кылат; - лицензияларды жана квалификациялык аттестаттарды берет же бери-лишин камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учур-ларда мындай лицензияларды же аттестаттарды жокко чыгарат же кайраалат, реестр жүргүзүүнү камсыз кылат; - товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөөнү ишкеашырууну уюштурат, аны өркүндөтүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө чара көрөт; - Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу товар жүгүртүүнүтездетүүгө түрткү берүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын субъекти-леринин, уюмдарынын жана жарандарынын тышкы экономикалык байланыштарынөнүктүрүүгө көмөктөшүү чараларын иштеп чыгат жана шарт түзөт, бажы инф-растуктурасынын өнүгүшүнө жардам көрсөтүү менен бирге бул чараларды иш-ке ашырууну камсыз кылат; - өз алдынча жана башка укук коргоо органдары менен бажылык конт-роль зонасынын режимин сактоо үчүн контролду камсыз кылат, бажылык инф-растуктура объектилеринин иштөө системасын уюштурат, Кыргыз Республика-сынын бажы чегарасын кайтаруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат; - аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы органдарынажүктөлгөн Кыргыз Республикасынын бажы жана башка мыйзамдары сакталышынкамсыз кылган чаралардын системасын түзүүгө жана өркүндөтүүгө катышат; - бажы контролун ишке ашырууну уюштурат, мындай контролдун натый-жалуулугуна зыян келтирбей аны өркүндөтүү жана жөнөкөйлөтүү боюнча ча-раларды көрөт; - айрым товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республика-сынын бажы чегарасы аркылуу уруксат менен өткөрүүнүн тартибин иштеп чы-гууга катышат жана сакталышын уюштурат; - экспорттук контролду, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүнстратегиялык жана өтө керектүү башка сырьелорду жана материалдарды,ошондой эле маданий баалуулуктарды алып чыгууга контролду уюштуруугакатышат; - өзүнүн компетенциясынын чегинде валюталык контролду ишке ашыруу-ну уюштурат; - Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мамлекеттик коопсуздук-ту коргоо, коомдук тартипти, жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын, та-бигый айлана-чөйрөнү сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардыалып келүүдө ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо боюнчачараларды ишке ашырууга катышуусун камсыздайт; - контрабандага жана бажы ишинин чөйрөсүндөгү башка кылмыштаргакаршы күрөш жүргүзүүнү уюштурат; - бажы органдары тергөөчү иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мый-зам актыларына ылайык бажы органдарынын тергөө функциялары аткарылышынуюштурат, камсыздайт жана контролдойт; - бажы ишинин чөйрөсүндө кылмыш жасоого даярданып жаткан же кылмышжасаган адамдарды аныктоо максатында оперативдик-иликтөө иштерин жүзөгөашырат; - Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын нормалдуу иштерине жол-тоо болуучу эреже бузууларга жана администрациялык укук бузууларга кар-шы күрөш жүргүзүүнү уюштурат; - кызыктар органдар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын бажы че-гарасы аркылуу бањги каражаттарды жана психотроптук заттарды, куралдар-ды, ок-дарыларды, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн көркөмдүк,тарыхый жана археологиялык табериктерин, интеллектуалдык менчик объек-тилерин, жок болуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүнтүрлөрүн, алардын бөлүктөрүн жана дериваттарын, башка товарларды мый-замсыз жүгүртүүнү токтотуу боюнча чаралардын системасын иштеп чыгат жа-на ишке ашырат; - өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын бажы ор-гандарынын эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө көмөктөшүүсүн камсызкылат; - Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары тарабы-нан бажы иштеринин чөйрөсүндө контрабанда боюнча жана башка кылмыштарбоюнча иштерди жүргүзүүдө, оперативдүү-издөө иштерин жүзөгө ашырууда,бажы эрежелерин бузгандык жөнүндө иштерде жана аларды кароодо, КыргызРеспубликасынын бажы органдарынын нормалдуу иштерине жолтоо болгон ад-министрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди жүргүзүүдө мыйзамдын сак-талышына контролду ишке ашырат; - тышкы сооданын бажы статистикасын жана Кыргыз Республикасынынатайын бажы статистикасын жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, КыргызРеспубликасынын Экономика жана финансы министрлигине жана Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу башка органдарга бажы статис-тикасынын маалыматтарын жана бажы маселеси боюнча башка маалыматтардыбелгиленген тартипте берет; - тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын эл аралыкпрактикада кабыл алынган форма боюнча расмий жарыялоо аркылуу мамлекет-тик органдарга, уюмдарга жана жарандарга маалымдайт; - тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзүүнү,ошондой эле аны иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо үчүн сунуштарды да-ярдоо боюнча иштерди уюштурат; - бажы иштерин жүзөгө ашырууда жарандардын жана уюмдардын укукта-рын жана кызыкчылыктарын коргоо чараларын көрөт, Кыргыз Республикасынынбажы органдарынын жана анын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттери-не жана аракетсиздигине даттанууга жарандардын жана уюмдардын укуктарынишке ашыруу үчүн шарт түзөт; - даттануулардын жана кайрылуулардын өз убагында жана толук кара-лышын камсыз кылат, жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана кызыкчы-лыктарын басмырлоочу себептерди жоюу боюнча чараларды көрөт; - кызыккан жактарды бажы маселелери боюнча маалыматтар менен кам-сыз кылуу жана аларга консультация берүү системасын Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык түзөт; - бажы ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралыккелишимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат, аларды түзүү боюнча белгилен-ген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мындай келишимдерди түзүү жөнүндөсунуштарды берет; - бажы иштерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын башка эл аралыккелишимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат; - Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин бажы иштери-не тиешелүү бөлүгү аткарылышын камсыз кылат, эл аралык уюмдардын иште-рине катышат; - бажы кызматынын адистеринин бажы ишине тиешелүү маселелер боюнчамамлекеттер аралык интеграциялык органдардын иштерине катышуусун камсызкылат; - эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларда каралган чектердечет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен кызмат-ташууну жана өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат; - бажы ишине тиешелүү маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынакелген чет өлкөлүк делегацияларды белгиленген тартипте кабыл алат; - бажы иши жагында илимий-педагогикалык жана илимий-изилдөө иште-рин жүргүзүүнү уюштурат, өзүнүн системасында кесиптик жана кошумча би-лим берүүчү илимий-изилдөөчү мекемелер жана окуу жайлар иштешин камсызкылат; - Кыргыз Республикасында бажы иши жөнүндө мыйзамдарды колдонуупрактикасын жалпылайт жана талдоо жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жалпы штаттык сандынчегинде негизги милдеттери жана функциялары МБИнин жоболору жана башкаведомстволук нормативдик актылары менен аныкталуучу бажы органдарынынструктуралык бөлүмдөрүн түзөт; - бажы органдарын жана башка ведомствого караштуу мекемелерди жанауюмдарды кайра уюштуруу боюнча белгиленген тартипте сунуштарды кирги-зет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы-нын бажы органдарынын, бажы лабораторияларынын, башка бөлүмдөрүнүнмүлкүн башкаруу боюнча менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат; - Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын бирдиктүү автоматташты-рылган маалыматтык системасын түзүүнү, иштетүүнү жана өркүндөтүүнү кам-сыз кылат; - Кыргыз Республикасында бажы ишин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардыкаржылайт, МБИнин Өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралган башка булактарды белгиленгентартипте башкарат жана тескейт; - бажы органдарынын жана башка ведомствого караштуу ишканалардын,мекемелердин жана уюмдардын материалдык-техникалык жана социалдык база-сын өнүктүрөт; - бажы органдарынын кызмат адамдарын жана ведомстволук уюмдардынкызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо чараларын ишке ашы-рууга көмөк көрсөтөт; - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде аныкталган акы төлөмөкызматтарды (иштерди) аткарат; - бажы кызматынын системасында дене тарбия даярдыгы, мелдештер бо-юнча иш-чараларды пландаштырат жана уюштурат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жүктөлгөн башка функция-ларды аткарат. IV. Негизги укуктары 8. МБИ өзүнө жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн Кыргыз Республи-касынын Бажы кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдикукуктук актыларына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу: - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде жана бажы иши боюнча эларалык макулдашууларда каралган бөлүгүндө бажылык тариздөөнү, бажыжол-жоболорун жана бажы режимдерин укуктук жөнгө салуунунөзгөчөлүктөрүн аныктоого; - мамлекеттик органдардан, анын ичинде аткаруу бийлигинин борбор-дук органынан, аткаруу бийлигинин органынан, Кыргыз Республикасынынсубъектилеринен, менчигинин жана баш ийүүсүнүн түрүнө карабастан ишка-налардан, мекемелерден жана уюмдардан, ошондой эле кызмат адамдарынанжана жарандардан ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууүчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды суроого жана алууга; - бажы органдарынын иштерин уюштурууда (бажы объектилерин куралдуукүзөтүүдө, кызматкерлерге сабак өтүүдө жана башка учурларда) КыргызРеспубликасынын укук коргоо органдарынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн кол-донуудагы нормативдик актыларын колдонууга; - продукциянын (кызматтардын, иштердин) мамлекеттик заказчысынынфункциясын белгиленген тартипте аткарууга; - бажы ишинин маселелери боюнча консультациялык, координациялыкжана эксперттик кењештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жу-мушчу топторду түзүүгө; - бажы саясатынын жана бажы ишинин маселелерин чечүү үчүн чет эл-диктерди кошкондо илимий мекемелерди, илимпоздорду жана адистерди кели-шимдик негизде тартууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде алгачкы текшерүүжана тергөө иштерин жүргүзүүгө; - бажы кылмыштары боюнча баштапкы текшерүү жүргүзүүгө жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында аныкталган компетенциянын чегинде опера-тивдик-издөө иштерин жүзөгө ашырууга; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамле-кеттик органдары жана уюмдары, ошондой эле кызмат адамдары жана жаран-дары менен Кыргыз Республикасында да, анын чегинен сыртта да биргелешипиштөөгө; - байланыштын жана маалыматтарды берүүнүн ведомстволук системала-рына ээ болууга; - баш ийген бажы органдарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилерин да-йындоого, алардын финансылык-чарбалык иштерин контролдоого; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктардыишке ашырууга; 9. МБИ ведомствого караштуу башка уюмдардын бажы органдарынын иш-терин жетектейт; 10. МБИ бажы иши боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагандаколдонулуучу нормативдик актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде чы-гарат. 11. МБИ бажы мыйзамдарынын чөйрөсүндө МБИ тарабынан бекитилгеннормативдик актылар боюнча жана бажы ишинин чөйрөсүндө аларды колдонуутартиби жөнүндө түшүндүрмөлөрдү берет. V. Иштерди уюштуруу 12. МБИни директор башкарат. МБИнин директору кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-нин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайында-лат жана бошотулат. МБИнин директорунун эки, анын ичинде бир биринчи орун басары жанаКыргыз Республикасынын бажы кызматынын Россия Федерациясынын бажы кыз-матындагы өкүлү болот, алар кызматка МБИнин директорунун сунушу боюнчаКыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошо-тулат. МБИнин директору: - МБИнин, баш ийген бажы органдарынын жана башка бөлүмдөрдүн иште-рин бир жетекчилик принцибинде башкарат; - МБИге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүнжеке жоопкерчилик тартат; - МБИнин атынан чыгат жана анын Кыргыз Республикасынын башка мам-лекеттик органдары менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыз кылат; - директордун орун басарларынын арасында милдеттерди бөлүштүрөтжана алардын жоопкерчиликтеринин чегин белгилейт; - бажы органдарынын начальниктерин, МБИнин борбордук аппаратынынбашкармалыктарынын начальниктерин жана алардын орун басарларын,бөлүмдөрүнүн начальниктерин, МБИнин борбордук аппаратынын кызматкерле-рин жана баш ийген бажы органдарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринкызматка дайындайт жана бошотот; - Кыргыз Республикасынын баш ийген бажы органдарынын уюштуруучу-лук, кадрлык, финансылык жана башка маселелерди өз алдынча чечүү боюнчаукуктарын белгилейт; - МБИнин компетенциясынын чегинде нормативдик укуктук актыларгакол коет (бекитет) жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат; - белгиленген штаттык сандын чегинде төмөнкүлөрдү бекитет: а) ведомствого караштуу бажы органдарынын штаттык расписаниесин,структурасын жана алар жөнүндө жоболорду; б) МБИнин борбордук аппаратынын жана ведомствого караштуу бажы ор-гандарынын кирешелеринин жана чыгымдарынын сметаларын; - бажы органдарынын кызмат адамдарына атайын наамдарды өзүнүн ый-гарым укугунун чегинде ыйгарат, бажы органдарынын кызмат адамдарына жо-горку башкаруучу курамдын атайын наамдарын ыйгаруу жөнүндө сунуштардыКыргыз Республикасынын Премьер-министрине белгиленген тартипте кирги-зет; - бажы органдарынын жана башка ведомствого караштуу бөлүмдөрдүнкызматчыларын жана кызматкерлерин МБИнин ардак грамотасы жана төш бел-гилери менен сыйлайт; - аныкталган тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана бажыоргандарынын жана башка ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн кызматчыларынжана кызматкерлерин сыйлайт; - өзгөчө айырмаланган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ардакнаамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белги-ленген тартипте сунуш киргизет; - бажы органдарынын кызматкерлерине, баш ийген бөлүмдөрүнүн жетек-чилерине жана кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын бажы орган-дарынын Дисциплинардык уставында аныкталган дисциплинардык таасир этүүчараларын толук көлөмдө колдонот; - МБИнин жана баш ийген бажы органдарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматадамдарын аттестациядан өткөрүү мөөнөтүн белгилейт жана Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына ылайык аны өткөрүү тартибин аныктайт; - МБИнин, баш ийген бажы органдарынын жана бөлүмдөрүнүн өздүк ку-рамын максатка ылайык колдонуу үчүн кадрларды ротациялайт; - МБИнин, баш ийген бажы органдарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматадамдарын, ошондой эле тейлөөчү персоналдын кызматкерлерин мыйзамдабелгиленген тартипте жумушка алат жана бошотот; - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка функцияларды атка-рат жана укуктарды колдонот. 13. МБИнин директорунун орун басарлары, Кыргыз Республикасынын ба-жы кызматынын Россия Федерациясынын бажы кызматындагы өкүлү, борбордукаппараттын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн начальниктери, бажы ор-гандарынын жана ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жетекчилери МБИнин ди-ректорунун буйругу менен бекитилген кызматтык нускамаларда аныкталганукуктарды алышат жана милдеттерди аткарышат; 14. МБИде курамы 8 кишиден турган коллегия түзүлөт: МБИнин дирек-тору (коллегиянын төрагасы), кызматы боюнча директордун орун басарлары,Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын Россия Федерациясынын бажы кыз-матындагы өкүлү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынынөкүлү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигининөкүлү, ошондой эле МБИнин борбордук аппаратынын жана бажы органдарынынструктуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери. МБИнин коллегия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министритарабынан бекитилет. Коллегия кварталына бир жолу өткөрүлүүчү жыйындарында бажы ишинөркүндөтүү, бажы мекемелерин жетектөө, аткарууну текшерүү, кадрлардытандоо, жайгаштыруу, окутуу жана тарбиялоо, бажылык контролду уюштуруу,бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү жана укук бузгандык үчүн жоопкотартуу, бажылык төлөмдөрдү алуу, нормативдик актылардын жана башка до-кументтердин долбоорлорун даярдоо, бажы иштери жаатында чет өлкөлөр ме-нен кызматташууну кењейтүү маселелерин, ошондой эле МБИнин компетенция-сына кирген башка маанилүү маселелерди карайт. Коллегиянын кезексиз жыйыны МБИнин директорунун чечими боюнча ка-ралчу маселелердин актуалдуулугуна жараша өткөрүлөт. Коллегия өзүнүн жыйынында МБИнин борбордук аппаратынын, бажы ор-гандарынын жана ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жетекчилеринин отчет-торун угат. Коллегиянын чечими МБИнин директорунун буйругу менен таризделет. Коллегиянын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. До-буштар тењ болуп калганда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабылалынат. МБИнин коллегиясынын ишинин укуктук негизи Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин буйругу менен бекитилчү Коллегия жөнүндө жобо мененжөнгө салынат. 15. МБИде бажы саясаты боюнча консультациялык кењеш иштейт. Кењеш-тин персоналдык курамын жана ал жөнүндөгү жобону МБИнин директору беки-тет.