Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы № 576 токтому менен бекитилген Расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1.1. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруужөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясына жана Кыргыз Республикасынын "Мамле-кеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамынын 32-стать-ясына ылайык ушул Жобо расымдык (сөөк коюуга) пособиелердин (мындан ары- пособие) өлчөмүн, төлөө шарттарын, тартибин жана каржылоонун булакта-рын жөнгө салат. 1.2. Ушул Жобого ылайык, пособие төмөнкүлөр каза болгон учурлардаберилет: - иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдарга, же анын ба-гуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө; - жеке ишкерлик кылган адамдарга, же анын багуусундагы үй-бүлөмүчөсүнө (салык органдарында каттоодо турган жана салык төлөгөндөр); - дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөсүнө, же анын багуусундагыүй-бүлө мүчөсүнө (салык органдарында каттоодо турган жана салыктөлөгөндөргө); - пенсионерге, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө; - жумушсузга, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө; - миграция жана жумуштуулук органдарынын ыйгарым укуктуу органда-рында каттоодо турбаган адамдарга, же анын багуусундагы үй-бүлөмүчөсүнө. II. Пособие дайындоо жана төлөө тартиби 2.1. Пособиени дайындоого жана төлөөгө негиз болуп, ЗАГС органдарытарабынан берилген, каза болгону тууралуу маалымкат (форма N 8) эсепте-лет. 2.2. Кайрылганына эки жумадан ашпаган мөөнөттө, бирок каза болго-нуна 6 айдан ашпаган учурда гана пособие дайындалат жана берилет. Мөөнөтү өтүп кеткен учурда бул пособиелер Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралган мөөнөткө ылайык төлөнөт. 2.3. Кызматкердин, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн казаболгонуна байланыштуу пособие профсоюз комитети (мындан ары - профком)же ыйгарым укуктуу органы тарабынан дайындалат жана республикалык бюд-жеттин каражаттарынан кийин ордун толтуруу менен иш берүүчү тарабынантөлөнөт. Жеке ишкердик кылган адамдардын, дыйкан (фермердик) чарбаларынынмүчөлөрүнүн (салык органдарында каттоодо турган), же анын багуусундагыүй-бүлө мүчөсүнүн каза болгонуна байланыштуу пособие Кыргыз Республика-сынын Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин (мындан арыЭмгексоцмин) региондук жана облустук социалдык төлөмдөр боюнча борбор-лору тарабынан дайындалат жана төлөнөт. Жумушсуз адамдын, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза бол-гонуна байланыштуу пособие Эмгексоцминдин социалдык төлөмдөр боюнча ре-гионалдык жана облустук борборлору тарабынан миграция жана жумуштуулукбоюнча ыйгарым укуктуу органдарынын каза болгон адам каттоодо турганынырастаган маалыматынын негизинде дайындалат жана төлөнөт. Иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турбаган жумушсуз адам-дардын каза болгонуна байланыштуу пособиени берүү Эмгексоцминдин шаар-дык жана райондук социалдык жактан коргоо органдары тарабынан дайында-лат жана төлөнөт. Пенсионердин, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгону-на байланыштуу пособиени берүү Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-нун шаардык жана райондук бөлүмдөрү тарабынан дайындалат жана байланышбөлүмдөрү, же банк мекемелери тарабынан (пенсия төлөгөн жерден)төлөнөт. 2.4. Пособие төмөнкү өлчөмдө берилет: а) каза болгонуна байланыштуу эсептешүү көрсөткүчүнүн 15 эсеөлчөмүндө: - иштеген адамдарга; - миграция жана жумуштуулук боюнча органдарынын ыйгарым укуктууоргандарында каттоодо турган жумушсуздарга; - жеке ишкерлик кылган жактарга (салык органдарында каттоодо тур-ган жана салык төлөгөндөр); - дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөсүнө (жер салыгын төлөгөндөргө); б) пенсионердин каза болгонуна байланыштуу, пенсиянын 10 эсе база-лык өлчөмүндө; в) иштеген адамдын, жумушсуздун, жеке ишкерлик кылган адамдардын(салык органдарында каттоодо турган жана салык төлөгөндөрдүн), дыйкан(фермер) чарбасынын мүчөсүнүн (жер салыгын төлөгөндөрдүн) багуусундагыүй-бүлө мүчөсүнүн каза болгонуна байланыштуу, эсептешүү көрсөткүчүнүн 7эсе өлчөмүндө; г) пенсионердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгонуна бай-ланыштуу, эсептешүү көрсөткүчүнүн 5 эсе өлчөмүндө; д) миграция жана жумуштуулук боюнча органдарынын ыйгарым укуктууоргандарында каттоодо турбаган жумушсуз адамдардын каза болгонуна бай-ланыштуу, керектөөнүн гарантияланган эњ төмөнкү дењгээлинин (КГЭТД) 5эсе өлчөмүндө. 2.5. Пособие үй-бүлө мүчөсүнө, же каза болгон адамды койгон адам-га, аны ырастаган документтеринин негизинде берилет. 2.6. Пособиелер ишеним кат боюнча төлөнүшү мүмкүн, же пособие алу-уга укугу бар адамдардын арызы менен банкка же почтага которулат (аныничинде убактылуу жашаган жерине дагы). Пособиелерди которуу боюнча чы-гымдар пособиелердин эсебинен алынат. III. Каржылоо булактары 3.1. Пособиелер төмөнкү булактардан төлөнөт: а) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен: - иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган иштеген адам, же анынбагуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгондо; - жумушсуздун, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгондо; - жеке ишкерлик кылган адам (салык органдарында каттоодо турганжана салык төлөгөндөр), же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза бол-гондо; - дыйкан (фермер) чарбанын мүчөсү, же анын багуусундагы үй-бүлөмүчөсү каза болгондо (жер салыгын төлөгөндөргө); б) Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен: - пенсионер, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгондо; в) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен: - миграция жана жумуштуулук органдарынын ыйгарым укуктуу органда-рында каттоодо турбаган иштебеген адам каза болгондо. IV. Пособиелердин туура дайындалышын жана төлөнүшүн контролдоо 4.1. Иш берүүчүлөр, пособиени дайындоочу жана төлөөчү органдар,пособиелерди төлөп берүүгө кеткен каражаттардын туура чыгымдалышынынжоопкерчилигин көтөрүшөт. 4.2. Ушул Жобону бузуу менен төлөнгөн пособиелердин чыгымы че-герүүгө алынбайт жана иш берүүчүнүн эсебине тиешелүү болот. 4.3. Пособиени төлөөдө каражаттарды негизсиз чыгымга учуратуугажол берген адамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ма-териалдык жана административдик жоопкерчиликке тартылат. 4.4. Пособиелердин туура дайындалышына жана төлөнүшүнө кеткен ка-ражаттардын чыгымын контролдоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-на, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү минис-трлигине жана өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт. 4.5. Пособиелердин туура эмес же төлөнүшүнүн кечиктирилишине бол-гон даттануулар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, Кыргыз Рес-публикасынын Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигине жанаөз алдынча башкаруу органдарына берилет.