Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 23-августу № 601
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ишкердик субъекттердин иш-аракеттерин мамлекеттик
контролдоочу органдар тарабынан текшерүү жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 токтомуна
толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 10-декабрындагы № 190 Мыйзамы-
нын редакциясындагы "Кыргыз Республикасында табигый жана уруксат берил-
ген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. "Ишкердик субъекттердин иш-аракеттерин мамлекеттик контролдоочу
органдар тарабынан текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 токтому менен беки-
тилген Ишкердик субъекттерин текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укук-
туу мамлекеттик контролдоочу органдардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы
19-пункт менен толукталсын:
"19. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги".
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов