Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-августу № 602 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Элдик көркөм кол өнөрчүлүк кызматкерлеринин кесиптик күнүн белгилөө жөнүндө "Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: Октябрдын экинчи жекшемби күнү элдик көркөм кол өнөрчүлүк кызмат-керлеринин күнү болуп белгиленсин. Премьер-министр Ф.Кулов