КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-августу № 606 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-жылдын түшүмүнөн алынган аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө Мамлекеттик резервдеги аштык буудайдын азайтылбоочу запасынын нор-мативдик дењгээлин толуктоо жана жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө ка-рызга алынган аштык буудайдын мамлекеттик резервге өз убагында кайтары-лышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине ка-раштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонду Кыргыз Республи-касынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, жерги-ликтүү мамлекеттик администрациялары менен бирдикте Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-сентябрындагы № 560-б, 2005-жылдын 5-мар-тындагы № 140-б, 2005-жылдын 14-июнундагы № 253-б буйруктарына, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында 2005-жылы жазгы талаажумуштарына даярдык көрүү жана өз учурунда жүргүзүү боюнча чараларжөнүндө" 2005-жылдын 9-февралындагы № 69, "Кыргыз Республикасында2005-жылы жазгы-талаа жумуштарын өз учурунда жана сапаттуу жүргүзүү бо-юнча чаралар жөнүндө" 2005-жылдын 14-мартындагы № 157, "2006-жылы Кыр-гыз Республикасында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта жана өз учурундажүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" 2006-жылдын 20-февралындагы № 112 ток-томдоруна ылайык жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө товардык кредиттүрүндө айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө берилген 39258 тонна аштык буу-дайдын мамлекеттик резервге 2007-жылдын 1-январына чейин кайтарылышынкамсыздасын. 2. Республиканын облустарынын жана райондорунун мамлекеттик адми-нистрация башчыларына аштык буудайдын биринчи кезектеги мамлекеттик ре-зервге өз учурунда коюлушу жана коюунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө отчет берүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн. 3. Республиканын облустарынын жана райондорунун мамлекеттик адми-нистрациялары Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-гине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонду, КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай минист-рлиги менен бирдикте: - аштык буудайды топтоону жана эгинди жооптуу сактоочу ишканаларгажеткирүүнү тиркемеге ылайык уюштурсун; - аштык буудайды мамлекеттик резервге коюуну жооптуу сактоочу иш-каналарда гана жүргүзсүн; - эгинди топтоого жана жооптуу сактоочу ишканаларга жеткирүүгөбайланышкан чыгымдарды аштык буудай тапшыруучулар көтөрүшсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик: - аштык буудайды сатып алууга жана мамлекеттик резервге коюугамамлекеттик жана мобилизациялык резервдерге жана башка булактарга ко-шулбаган товардык-материалдык баалуулуктардын жана товарлардын нормаданашкан запастарын ишке ашыруунун эсебинен жүргүзүүгө уруксат берсин; - Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги тарабынан белгиленген бааларбоюнча аштык буудайдын, буудайдын жана арпанын үрөнүн мамлекеттик ре-зервден алган карызды кайтаруу эсебине мамлекеттик резервге коюу үчүнноменклатурага кошулган мамлекеттик резервге аштык буудайды, кумшекер-ди, күйүүчү-майлоочу жана башка материалдарды коюуну жүргүзсүн; - аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгаруу Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында каралган өзгөчө кырдаалдарда гана жүргүзсүн; - мамлекеттик резервдин аштык буудайын товардык кредит түрүндөберүүгө тыюу салсын; - аштык буудайды мамлекеттик резервге коюуну тиешелүү ыйгарымукуктуу органынын сапат боюнча корутундусу болгон учурда ганажүргүзсүн. 5. Республиканын облустарынын жана райондорунун мамлекеттик адми-нистрациялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик са-тып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиккеаштык буудайды коюуга көмөк көрсөтсүн. 6. Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын мамлекеттик администра-циялары жергиликтүү мүнөздөгү табигый кырсыктарды жоюу үчүн мамлекеттикрезервине эњ жогорку коюлушун камсыздоо үчүн шашылыш чаралардыкөрүшсүн. 7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги мененбирдикте республиканын түштүк региондору үчүн гуманитардык жардам тар-туу жөнүндө маселени иштеп чыксын. 8. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине мамлекеттик резервден карыз-га алынган аштык буудайды, буудайдын жана арпанын үрөнүн кайтаруунунэсебинен мамлекеттик резервге коюу үчүн номенклатурага киргизилген аш-тык буудайга, кумшекерге, күйүүчү-майлоочу материалдарга жана башка то-варларга бааларды 10 күндүн ичинде белгилесин. 9. Мамлекеттик резервдеги аштык буудайдын жооптуу сактоочу ишкана-ларынын жетекчилерине айылдык ссуда алуучулардан буудайды өз учурундакабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-рлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондуна тие-шелүү документтерди берүү үчүн жоопкерчилик жүктөлсүн. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажана агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 606 токтомуна тиркеме Мамлекеттик резервдеги аштык буудайдын жооптуу сактоочу ишканаларынын ТИЗМЕСИ "Буудай-Кара-Балта" ачык акционердик коому; "Ак-Суу-Дан-Азык" ачык акционердик коому; "Бишкекмелькомбинат" ачык акционердик коому; "Кант-Дан-Азык" ачык акционердик коому; "Буудай-Токмок" ачык акционердик коому; "Токмокмельзавод" ачык типтеги акционердик коому; "Алтын-Дан" ачык акционердик коому; "Талас-Дан-Азык" акционердик коому; "Кара-Суу-Дан-Азык" акционердик коому; "Дан" акционердик коому, Кызыл-Кыя шаары; "Азрат-Айыб" ачык акционердик коому. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - министр Т.Коеналиев