Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 24-августу № 609
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана
оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.Ж.Карабеков
тарабынан демилге кылынган "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери
жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзам долбооруна макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 24-августу № 20-3/11
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана
оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинин депутаты К.Ж.Карабеков тарабынан демилге кылынган "Согуштун,
Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, анын ка-
был алышына төмөнкү негиздер боюнча макулдук бербейт.
Азыркы учурда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу
мамлекетинин чектеринде жол жүрүү боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун ар-
дагерлерине жењилдик берүү бөлүгүндө Улуу Ата Мекендик согуштун майып-
тары жана катышуучулары, ошондой эле аларга тењештирилген адамдар үчүн
жењилдик берилген жол жүрүүгө укуктарын өз ара таануу жөнүндө Көз ка-
рандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу он бир мамлекет кол кой-
гон макулдашуу колдонулууда. Бул Макулдашууга ылайык ардагерлер Көз ка-
рандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекеттеринин чектеринде жылына
бир жолу акысыз барып кайра келүүгө өзүнүн укугун пайдаланып жатышат.
Бул Макулдашуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ушул Ма-
кулдашуунун катышуучу мамлекеттеринин аймагы боюнча жылына бир жолу
(барып кайра келүүгө) темир жолу же дарыя флотунун транзиттик жана жер-
гиликтүү линияларынын кемелери боюнча акысыз жана аба, суу же шаар ара-
лык автомобиль транспортунда 50 проценттик жењилдик менен жол жүрүүгө
укук берилет.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасы ички документи менен Улуу
Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары үчүн кошумча жењил-
дик бере алат.
Мисалы, "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы
эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Улуу Ата Мекендик
согуштун катышуучулары үчүн тиешелүү мамлекеттер аралык келишимдерге
кол койгон Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн жана
Кыргыз Республикасынын аймагына жылына бир жолу (барып кайра келүүгө)
аба, темир жол жана шаар аралык автомобиль транспортунда акысыз жол жү-
рүү каралган.
Жогоруда айтылгандардын негизинде сунуш кылынган түзөтүүлөрдү кир-
гизүү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекетинин
чектеринде жол жүрүү боюнча жењилдиктерди берүү механизмине таасир бер-
бегендиктен максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов