Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 24-августу № 612
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын айыл чарба банкы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айыл чарба банкы жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутундунун негизинде ма-
кулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 24-августу № 19-57/26
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
"Кыргыз Республикасынын айыл чарба банкы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты С.Ш.Жеенбеков демилге көтөргөн "Кыргыз Республикасы-
нын айыл чарба банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоо-
рун карап чыгып, төмөнкүдөй негиздер боюнча аны кабыл алуунун ылайыгы
жок деп эсептейт.
Мыйзамдын долбоорунун негизги жоболору (6, 7, 8,9, 10, 14 жана
15-ст.) "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын талаптары менен нормаларына жана Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында банктарды түзүүнүн тартиби жана алардын иштеши-
нин айрым өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын Башкармасынын 1998-жылдын 12-августундагы N 19/2 токтому менен
бекитилген) каршы келет.
Рыноктук мамиле шартында экономиканын тобокелдүү айыл чарба секто-
рун кредиттөө үчүн кредиттик портфелин түзбөстөн жана толуктабастан ре-
алдуу финансылык базасы жок туруп бардык мамлекеттик структуралардын
эсептерин тейлөөгө артыкчылыктуу укук берүү менен өзгөчө иш милдеттери
жана укуктары бар өзүнчө мамлекеттик банк түзүү экономикалык жактан не-
гизсиз деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, сунушталып жаткандай банкты "Кыргызпочтасы" мамле-
кеттик ишканасынын инфраструктурасы менен бириктирүү (6-ст.) ар тарап-
туу талдоону жана эсептөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылат.
Ошондой эле салык мыйзамдары Кыргыз Республикасында салык салууга
карата бирдей мамиле болушун көздөйт жана бардыгына бирдей жана мил-
деттүү. Салык боюнча өзгөчө иммунитет берүүгө тыюу салынат, анткени са-
лыктык жењилдиктердин баары салык салуунун негизги принциптеринин бирин
- бардык чарбакер субъекттер үчүн бирдей шарт түзүүнү караштырган ади-
леттик принцибин, ошондой эле салык субъекттеринин арасында салыктын
оорчулугун адилет жана тењ бөлүштүрүү принцибин бузат.
Мыйзамдын долбоорунун негизги бөлүгү "Банктар жана банк иши
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун кайталайт, Мында
сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорунда "Банктар жана банк иши жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы айыл чарба банкына карата колдонулаары
жөнүндө так шилтеме жок экендигин белгилеп коюу зарыл. "Кыргыз Респуб-
ликасынын айыл чарба банкы жөнүндө" Мыйзамдын долбоорунда банктын иши-
нин көп тараптары, анын ичинде жөнгө салынышы, көзөмөлдөө, отчет жана
кардарлар менен өз ара байланыш жактары чагылдырылган эмес.
"Түзүү жана лицензиялоо" блогунда уюштуруу-укуктук формасы, кызмат
көрсөтүүлөрдү монополияга каршы тескөө жана филиалдарды түзүү механизм-
дери, лицензиялоо процедуралары (акы төлөө, документтерди тапшыруу жана
аларды кароонун тартиби) боюнча чечимдердин кабыл алынышын чагылдыруу
зарыл. Банк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик банк нормативдик
укуктук актынын негизинде почталык, инвестициялык жана сактык банктын,
ошондой эле ушундай банктарга окшош башка банктын формасында түзүлөт.
Банк ачуу үчүн уставдык капиталына карата минимум 300 млн.сом өлчөмдө
талап коюлган, ал эми мамлекеттик айыл чарба банкын түзүү уставдык ка-
питалды Кыргыз Республикасынын бюджеттик каражаттарынын эсебинен
түзүүнү караштырат.
Мыйзамдын долбоорунун "Корпоративдик башкаруу" блогунда Директор-
лор кењешинин номиналдык болушу (Байкоо кењеши) гана каралган, анын че-
чимдери рекомендациялык мүнөздө болот, ал эми функциялары изилдөөчү жа-
на консультациялык иш менен чектелген. Мындан тышкары башкаруу органда-
рын квалификациялоо жөнүндө пункту жок жана банктын кызматкерлеринин
жана Башкармасынын төрагасынын айыл чарба банкынын чыгашаларын жабуу
боюнча жоопкерчиликтери каралган эмес, мында банктын жалгыз катышуучусу
жана уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болот.
"Банктын операциялары", "кредит берүү" блогунда: кредит берүү ме-
ханизми (Башкарманын кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алышы, классифи-
кациялоо жана чыгашалуу кредиттер боюнча жоопкерчилик ж.б.); проценттик
ставкаларды коюу процедурасы жана тейлөө кызматтары үчүн тарифтер; опе-
рацияларда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга карата талаптар
жагындагы чектөөлөр; эсептешүүнүн ар кандай системаларын пайдалануу жа-
гынан караганда эсептешүүлөрдүн уюштурулушу айрыкча жеткире иштелген
эмес.
"Жөнгө салуу жана көзөмөлдөө", "Эсеп жана отчет" деген сыяктуу
бөлүмдөр такыр жок.
Банктар үчүн кредит берүүнүн негизги булагы өздүк каражаттардан
тышкары элден тартылчу каражаттар да болоорун эске алыш керек, буга
байланыштуу айыл чарбалык банктарды түзүүдө айыл чарбалык иштин
чөйрөсүндө болуучу тобокелдерди (сезондук тобокел, баадагы жана башка
тобокелдер) кылдат изилдөө зарылдыгы бар.
Мындан тышкары, АЧФК өз ишин 1996-жылдан бери жүргүзүп жатканы
белгилүү, аны түзүүнүн жана иштетүүнүн негизги максаты - айыл чарбалык
товар өндүрүүчүлөргө кредит берүү. Бүгүнкү күндө АЧФК фермердик жана
дыйкан чарбаларга эњ ири кредит берүүчү. Азыркы учурда АЧФКны менчик-
тештирүү маселеси актуалдуу болуп турат, ал процессте КСФКга банктык
лицензия берилет.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
"Кыргыз Республикасынын айыл чарба банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамын кабыл алуунун ылайыгы жок деп эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов