Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 25-августу № 616
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Баатыр эне" орденинин статусу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Баатыр эне" орденинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 25-августу № 20-7/51
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
"Баатыр эне" орденинин статусу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 3-пунктуна ылайык "Баатыр эне" орденинин статусу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап
чыгып, анын кабыл алышына төмөнкү негиздер боюнча макулдук бербейт.
Мыйзам долбоорунда 2007-2009-жылдары жети, сегиз, тогуз жана андан
көп балдары бар жана аларды толук тарбиялап жаткан энелерди "Баатыр
эне" ордени менен сыйлоону этабы менен киргизүү божомолдонууда.
Бул сыйлыкка укугу бар кењири чөйрөнүн адамдарын белгилөө мамле-
кеттик бюджеттин чыгымдарын эки-үч эсе көбөйтүүгө алып келет, мында жыл
сайын бюджеттен 22,4 млн.сом талап кылынат.
"Баатыр эне" орденинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 1-статьясына киргизилүүчү толуктоолор Мыйзамдын маанисин жа-
на максаттуу багытын төмөндөтөт деген ойдобуз. Совет учурунда "Баа-
тыр-эне" ордени менен он же андан ашык балдары бар энелер сыйланышчу.
Көп балалуу энелердин балдарынын катарына кошумча сандык градацияны
киргизүү, биринчилерден болуп, эмгеги мыйзамдарда мурда бекитилгендер-
дин статусун төмөндөтөт.
Демографиялык кырдаалды өзгөртүү максатында (бала төрөлүшүнүн
өсүшү) энелерге алардын төрөгөн жана үй-бүлөдө тарбияланган балдарынын
санына карата сыйлоолордун жана артыкчылыктардын башка даражаларын бел-
гилөө максатка ылайык болмок.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамда-
рында көп балалуу энелерге пенсиялык жана социалдык жактан камсыздоо
жагында бир катар жењилдиктер каралган.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык беш же андан ашык балдары бар, көп ба-
лалуу энелер жалпы белгиленген пенсиялык курактан беш жыл эрте мөөнөткө
чейин (жењилдетилген) пенсияга чыгууга укуктуу. Ошондой эле бийик тоо-
луу шарттарда иштеген жана жашаган жана үч же андан ашык балдары бар 45
жаш курагындагы аялдардын 10 жыл эрте жењилдетилген пенсиялык камсыз-
дандырылууга укуктары бар.
Көп балалуу энелерди жењилдетилген пенсия менен камсыз кылууга жы-
лына 30,0 млн.сомго жакын чыгымдарды түзөт. Чыгымдарды каржылоо респуб-
ликалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, аз камсыз болгон жана эмгектик пенсия алууга укугу
жок учурларда, баатыр-энелер республикалык бюджеттин каражаттарынын
эсебинен ай сайын берилүүчү социалдык пособие түрүндө мамлекеттик кол-
доо алууга укуктуу.
Азыркы учурда жети же андан ашык баласы бар энелердин саны 35,0
мињ адамды түзөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык он же андан ашык балда-
ры бар жана "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелерге дары-дармек-
терди, администрациялык район жана шаар айланасы боюнча жүрүүгө 50 про-
центтик жењилдик берилет. Аталган жењилдиктерге жылына 26,5 млн.сомдон
ашык талап кылынат.
2006-жылдын 1-январына карата "Баатыр эне" ордени менен сыйланган
жана аталган жењилдиктердин түрлөрүнө укуктуу энелердин саны 15728
адамды түзөт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана финансылык каражаттардын
чектелишине байланыштуу азыркы учурда жети жана андан көп балдарды
төрөгөн энелерди "Баатыр эне" ордени менен сыйлоону этабы менен бел-
гилөөчү Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынышы максатка ылайыксыз деп эсептей-
биз.
Премьер-министр Ф.Кулов