Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 25-августу № 619 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы № 464 токтомун күчүн жоготту деп табуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү, мектепке чейинкижана мектептен тышкаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуубазасына колдоо көрсөтүүдө ата-энелер жамаатынын катышуусу тууралуу"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 ток-томун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 28-июнундагы № 464 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 2. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү, мектепке чейинкижана мектептен тышкаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуубазасына колдоо көрсөтүүдө ата-энелер жамаатынын катышуусу тууралуу"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 ток-томуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - токтомдун аталышында, 1-пункттун биринчи абзацында, 2-пункттунбиринчи абзацында, 4-пункттун экинчи абзацында "жалпы билим берүүчү"деген сөздөр алып салынсын; - преамбуладагы "жана жалпы орто" деген сөздөр алып салынсын; - 3-пункттун биринчи абзацында "министрлиги" деген сөздүн алдына"Экономика жана" деген сөздөр менен толукталсын; - 4-пункттун биринчи абзацында: - "Билим берүү" деген сөздөрдөн кийин "жана маданият" деген сөздөралып салынсын; - "илим жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен толукталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана жаштар саясаты минист-рлиги өзүнүн ченемдик актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Би-лим, илим жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов