Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабры № 853 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 25-августу № 620 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык мыйзамынын 12-статьясынын 27-пунктун ишке ашыруу макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы уюштурулсун. 2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын сүрөттөлүшү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин сүрөттөлүшү. 3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдиктеКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган адам-дарга тиешелүү укуктарды жана жењилдиктерди берүү бөлүгүндө Кыргыз Рес-публикасынын төмөнкүдөй нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүүнү кароочу Кыргыз Республикасынын норматив-дик укуктук актыларынын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө киргизсин: - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына; - Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик сыйлыктаржөнүндө" 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 Жарлыгына; - "Кыргыз Республикасына өзгөчө сињирген эмгеги үчүн пенсияларжөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтомуна; - Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 620 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин СҮРӨТТӨМӨСҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгиси Л-63 маркасындагылатундан жасалган. Даяр белгилерге алтын түстүү гальваникалык жабуу жа-латылган. Диаметри 2,3 см, көз каранды эместиктин 15 жылдыгын билдирген15 шоола курчаган тегерек формада. Шоолалардын карама-каршы учтарынынортосундагы аралык 3 см. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисибийиктиги 3 см жана эни 1,8 см болгон төрт бурчтуу формадагы колодкагаилинген. Тегеректин жээгине буудайдын машагынын жана пахтанын косегининсүрөтү кыргыздын улуттук оюусу менен айкалыштыра тартылган жана теге-ректин жогорку жагына "КЫРГЫЗ", астыњкы бөлүгүнө "РЕСПУБЛИКАСЫ" деп жа-зылган. Тегеректин борборуна "ӨКМӨТТҮН АРДАК БЕЛГИСИ" жана "ПОЧЕТНЫЙЗНАК ПРАВИТЕЛЬСТВА" деп жазылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин колодкасы КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик туусунун стилдештирилген сүрөтүнөн турат,ал күмүш түстүү ак металлдан жасалган негизге бекитилет. Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин арткы бетине катар номери жазылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 620 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын СҮРӨТТӨМӨСҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (мындан ары - Ар-дак грамота) кымбат жыгачтан - кара-күрөњ жањгак уюлунан жасалган, бетиполеэфир лак менен капталган. Ардак грамота бийиктиги 35 см жана эни 25см тик бурчтуу формада. Ардак грамота эни 1 см кыргыздын улуттук оюусу менен жээктелген,оюу алкактын четинен 1,5 см аралыкта. Жээктин ичинде үстүнкү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү"жана "Мамлекетке сињирген өзгөчө эмгегин баалоо иретинде сыйланат", "Взнак признания особых заслуг перед государством награждается" (анданары сыйланган адамдын аты-жөнү жазылат), "Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министри", "Премьер-министр Кыргызской Республики" деген жазууларбар. Грамотанын астыњкы бөлүгүндө "Бишкек, Өкмөт Үйү" жана "гор. Биш-кек, Дом Правительства" деген тексттер симметриялуу жазылып, алардынортосунда Ардак грамотанын номери коюлган. Бардык сүрөттөр жана тексттер алтын түстүү боек менен түшүрүлгөн.Тексттердин тамгаларынын өлчөмү Ардак грамотанын өлчөмүнө, жээгиндегисүрөттөрдүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гребинин өлчөмдөрүнөпропорциялуу жана 1 см ашык эмес.