Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 25-августу № 621
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Студенттик эмгек отряддарын мамлекеттик колдоо жөнүндө
Мамлекеттик колдоо системасын түзүү, студенттик эмгек отряддарынын
(мындан ары - СЭО) ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды аныктоо,
окуудан бош болгон убакытта биргелешкен эмгек ишмердүүлүгү үчүн жогор-
ку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайларынын студенттеринин саясий
эмес өз ыктыярдуу бирикмелерин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасындагы студенттик эмгек отряддарынын (мындан
ары - СЭО) ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча милдеттенме Кыргыз Рес-
публикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин Жаш-
тар иштери боюнча департаментине жана Кыргыз Республикасынын Миграция
жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлиги:
- студенттик эмгек отряддары жөнүндө жобону, СЭОнун ишмердүүлүгүн
колдоонун республикалык системасын түзүү боюнча чаралардын комплексин
жана СЭОнун ишмердүүлүгүн уюштуруучу түзүмдөрдүн реестрин жүргүзүү тар-
тибин иштеп чыксын жана бекитсин;
- СЭОнун даярдоо жана окутуу курстарын уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюн-
ча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-
кеттик комитетинин Жаштардын республикалык эмгек биржасынын базасында
СЭОнун республикалык штабын түзүшсүн;
- СЭОнун республикалык штабы жөнүндө жобону иштеп чыгышсын жана
бекитишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз
Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги жана
Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик ко-
митети:
- СЭОнун аткарыла турган иштерин эске алуу менен кошумча кесиптик
окуудан өтүү жана эмгектик коопсуздук боюнча методикалык документация,
өндүрүүдө алардын аткарылышы үчүн контроль жүргүзүү тартибин иштеп чы-
гышсын;
- жумушчу кесиптердин, кызмат орундарынын жана тарифтик разрядда-
рынын жалпы республикалык классификаторуна төмөнкү кызмат орундары кир-
гизилсин: "СЭОнун командири (жетекчиси)", "СЭОнун командиринин (жетек-
чисинин) орун басары", "СЭОнун саламаттык сактоо маселелери боюнча ади-
си".
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- СЭОнун мүчөлөрүн медициналык кароо жана профилактикалык эмдөө
жасоо тартибин Улуттук календарга жана эпидемиялогиялык кырдаалга ыла-
йык иштеп чыксын жана бекитсин;
- СЭОну дары-дармек, биринчи кезектеги материалдар жана дезинфек-
циялык каражаттар менен уюмдардын жана чарбалардын эсебинен камсыз кы-
луу табелин иштеп чыксын жана бекитсин;
- СЭОнун иш жүргүзгөн жана жашаган жерлеринде санитардык абал үчүн
алдын ала жана үстүдөгү мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзө-
мөлдү дайыма жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-
публикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги СЭОну кабыл алуучу ишканалар
жана чарбакер субъектилер менен бирдикте:
- алардын жайгашкан жана массалык чараларды өткөрүү жерлеринде ко-
омдук тартипти сактоону камсыздашсын;
- аталган контингент автомобиль менен жол жүргөн учурда кырсыктар-
дын алдын алуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- аларды жайгаштыруу үчүн арналган имараттардын жана жайлардын өр-
ткө каршы абалын текшеришсин.
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты ми-
нистрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай минист-
рлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюн-
ча мамлекеттик агенттик СЭОнун адистештирилген педагогикалык, жол-куру-
луштук, курулуштук, медициналык, айыл чарбалык, жол көрсөткүч отряддары
жана кызмат көрсөтүү жана соода чөйрөсүндө отряддары үчүн жумушчу орун-
дарга квота беришсин жана иштердин көлөмүн аныкташсын.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан
коргоо министрлиги орто жана башталгыч кесиптик окуу жайларынын сту-
денттеринин жана окуучуларынын өндүрүштүк практикасын адистештирилген
СЭОнун курамында өтүү маселени чечишсин.
9. Облустардын мамлекеттик администрация башчылары Кыргыз Респуб-
ликасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин Жаш-
тардын республикалык эмгек биржасына адистештирилген СЭО тарабынан
калкка таасирдүү жардам берүү максатында алардын суроо-талаптарын бе-
ришсин.
10. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио компаниясы ЖМК
менен бирдикте СЭОнун кыймылын чагылдыруу жана пропагандалоо боюнча иш-
ти уюштурсун.
11. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ве-
домстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жана аткаруучу бийликтин башка органдары:
- СЭОну уюштуруучу ыйгарым укуктуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө кол-
доо көрсөтүшсүн;
- СЭОнун ишине тартуучу ишканаларга жана чарбакер субъектилерге
колдоо көрсөтүшсүн;
- СЭО үчүн объектилердин жана иштердин көлөмүнүн тизмесин жыл сай-
ын аныкташсын.
12. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине СЭОнун
мүчөлөрүнүн чарбакер субъектилеринин ишинде катышуу боюнча көрсөткүч-
төрдү иштеп чыгуу жана болгон милдеттүү статистикалык отчеттуулук фор-
маларына киргизүү сунушталсын.
13. Ишканалардын жана чарбакер субъектилердин жетекчилерине менчик
түрүнө карабастан СЭОну уюшкандыкта кабыл алууну камсыз кылуу, тиешелүү
эмгекти, тиричиликти, эс алууну, тамактанууну, маданий-тиричилик тей-
лөөнү уюштуруу, ошондой эле СЭОнун жогорку өндүрүштүк эмгеги жана өз
учурунда өз ара эсептешүү үчүн шарттарды түзүү сунушталсын.
14. Курулушка же капиталдык ремонт жүргүзүүгө тендер утуп алган
курулуштук уюмдарга СЭОну 10-15 адамдан кем эмес курамында тартуу су-
нушталсын.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов