Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 25-августу №622
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай
районундагы айрым участокторго айылдын статусун берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64 жана 65-статьяларына
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөргө макулдук берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы
Актурпак, Абсамат Масалиев, Үч-Коргон, Майдан, Халмион, Алга, Котормо
айылдык жана Кадамжай райондук кењештеринин Актурпак айыл кењешинин
Жаштилек, Өрүкзар, Мињчынар, Келечек участокторуна, Абсамат Масалиев
айыл кењешинин Алыш, Ташкоргон, Лесхоз участокторуна, Үчкоргон айыл
кењешинин Боз, Камбарабад, Тажиккыштак участокторуна, Майдан айыл
кењешинин Исфайрам, Сарыалтын, Бак, Акимбек, Жањыабад участокторуна,
Халмион айыл кењешинин Шады участогуна, Алга айыл кењешинин Жањычек
участогуна, Котормо айыл кењешинин Лангар участогуна айылдын статусун
берүү жөнүндө чечимдерине;
«Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы
айрым участокторго айылдын статусун берүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы
жогоруда аталган участокторго айылдын статусун берүүгө байланышкан
бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен
төлөнсүн.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган
мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов