Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 807 токтомуна ылайык күчүн жоготкон Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-августу № 630 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Качкындар маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынөркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүкиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдукберилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-кеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнрасмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов