Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-августу № 631 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу туту-мунун тергөө изоляторлорунун иш-аракетин уюштурууну тартипке салуу мак-сатында, ошондой эле "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жанаайыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттарыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган Кыр-гыз Республикасынын Юстиция министрлиги жазык-аткаруу тутумунун тергөөизоляторлорунун ички тартибинин тиркелген эрежелери (мындан ары - Эре-желери) бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-нын ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча ча-раларды көрсүн. 3. Мындан ары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынЭрежелерге келтиргенге чейин, алардын Эрежелерге карама-каршы келбегенбөлүктөрү колдонула турганы белгиленсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов