Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-августундагы № 633 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүндө келишимди жактыруу тууралуу "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин жана "МК Голд Компани"компаниясынын ортосунда 1996-жылдын 22-октябрында кол коюлган жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 538
токтому менен жактырылган "Жерүй Голд Компани" биргелешкен ишканасыныниш-аракетин токтотуу жана жоюу жөнүндө макулдашуу боюнчамилдеттенмелерди аткарбагандыгынын маселеси боюнча Стокгольмдагы СоодаПалатасынын Арбитраждык институтунда "Кыргызалтын" ачык акционердиккоомуна каршы арбитраждык териштирүүлөрдү "МК Ресорез Компани" ("МКГолд Компани" компаниясынын укугун улантуучу) компаннясыкозгогондугуна байланыштуу жана "МК Ресорез Компани" компаниягатөлөөгө тийиш болгон сумманы азайтууну коњүлгө алуу менен жана "Жерүй"долбоорун андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. «Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "МК РесорезКомпани" компаниясынын ортосундагы доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүндөкелишимдин долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунунакционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда төмөнкүдөй маселелердикарасын: -"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "МК Ресорез Компани"компаниясынын ортосундагы доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүнде келишимднжактыруу тууралуу; -"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын тарагасына- президентине "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "МКРесорез Компани" компаниясынын ортосундагы доо-талаптарды жөнгө салуужөнүндө келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюу, ошондой эле доо-тапаптарды жөнгө салуу жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн келишимдиаткарууга байланыштуу же зарыл болгон бардык башка документтерге колкоюу укугун берүү жөнүндө. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов