Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-августундагы № 635
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрация жөнүндө" жана "Жергиликтүү кењештердин
депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Рсспубликасынын
мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртуулөрдү киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты И.А.Масалиев
тарабынан демилге көтөрүлгөн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Жергиликтүү
кењештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутундунун
негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
30-августунадгы 2006-жылдын № 11-57/40 Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жөнүндө" жана "Жергиликтүү
кењештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына толуктоолорду жана
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты И.А.Масалиев тарабынан демилге кылынган
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жөнүндө" жана "Жергиликтуү кењештердин депутаттарынын
статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолорду
жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасыныи Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-
статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу менен аны кабыл алуу
төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Бул Мыйзам долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын
башчылары аиылдык (поселкалык) кењештердин төрагасынын функцияларын
2007-жылдын 1-январынан тартып айылдык (поселкалык) кенештердин
жаныдан шайланган төрагаларына өткөрүп берүү менен анын милдетин
аткарууну токтотуу каралат.
Ыйгарым укуктарды 2007-жылдын 1-январынан тартып бөлүштүрүү
мөөнөтүн белгилөө баштапкы денгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын жетекчилери тарабынан колдоого алынбайт. Алар Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши кабыл алган 2006-жылдын б-февралындагы
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жөнүнде" жана "Жергиликтүү кењештердин депутаттарынын
статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолорду
жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында
аткаруучу-тескөөчү жана жергиликтүү бийликтин өкүлчүлүктүү
органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү карашы укукка
rssp` келбейт деп эсептешет. Алардын пикири боюнча 2005-жылдын
декабрында айыл өкмөт башчыларын жалпы элдик шайлоодо алынган алардын
ыйгарым укуктары басмырланат.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык алар айыл өкмөт башчысынын жана
айылдык кењештин төрагасынын айкалыштырылган кызматына талапкер
болушкан жана шайланышкан. Шайлоочулар өз кезегинде жергиликтүү өз
алдынча башкармалыктын башчысы алардын аймактарында эки кызматты
айкалыштыруу менен иш милдеттерин аткарышы үчүн добуштарын беришкен.
Бул норманы өзгөртүү кандайдыр бир дењгээлде шайлоочулардын
конституциялык укугун бузууга жол берет, анын үстүнв ыйгарым укуктарды
бөлүү жөнүнде мыйзам актысы баштапкы дењгээлдеги жергиликтүү өз
алдынча башкармалыктын башчыларын шайлоолор болгондон кийин 2006-
жылдын 6-февралында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттиктин суроо-талабына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,
мыйзамдуулук, соттук-укуктук реформа жана адам укуктары боюнча комитет
тарабынан 2006-жылдын 6-июнундагы чыгыш № 78-14/15 менен "Кыргыз
Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 46-статьясына ылайык 2005-жылдын 18-
декабрында шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчылары айыл
өкмөт башчылары болуп санала тургандыгы жана кењешүүчү добуш берүү
укугу менен айылдык (поселкалык) кењештин төрагасынын иш мвлдеттерин
аткара тургаядыгы тууралуу расмий түшүндүрмө берилген. Комитет
тарабынан берилген расмин түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын 2006-
жылдыи 6-февралындагы мыйзамынан улам келип чыккан көрсөтүлгөн
кызматтардын ыйгарым укуктарын бөлүүгө карата кандайдыр бир резонансты
дурус жагынан жөнгө салынган.
Ондогон жылдардан беркн түзүлгөн практика эки кызматты айкалыштыруу
жана аймактарды башкаруу өзүн актай тургандыгын көрсөткөн. Мында
аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бардык маселелери,
жарандардын суроо-талаптары жана кызыкчылыктары оперативдүү каралат.
Айыл өкмөт башчыларынын жана айылдык кенештердин төрагаларынын
ыйгарым укуктарын 2007-жылдын январынан тартып чектөөлөрдү киргизүү
айылдык кењештнн төрагаларын кармоого кошумча финансы каражаттарын
издөөнү талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан
берилген алдын ала эсептөөлөр боюнча айылдык (поселкалык) кењештердин
төрагаларынын жањыдан бөлүнүүчү 473 штаттык бирдиктерин кармоого
чыгымдар жылына 38,0 млн. сомду түзөт. Айылдык (поселкалык)
кењештердин иш-аракетин камсыз кылуу үчүн 4 штаттык бирдиктин
чектериндеги саны менен айыддык (поселкалык) кењештердин аппараттарын
түзүү талап кылынат, бүтүндөй республика боюнча кошумча 1892 штаттык
бирдик бөлүү керек болот, алардын эмгекке акы төлөө фондусу 47,9 млн.
сомду түзөт. Мындан тышкары кызматтык автомашиналарды сатып алуу
маселесин чечүү керек, бул максаттарга жалпы чыгымдар 73,6 млн. сомду
түзөт. Айылдык (поселкалык) кењештердин төрагаларынын иштерин
камсыздоо үчүн жумушчу кабинеттерин бөлүү, инвентарларды, эмеректерди,
уюштуруу техникаларын сатып алуу, коммуналдык кызматтарга төлөө жана
башка чыгымдар талап кылынат. Алар 70 млн. сомду түзөт. Жалпысынан
республика боюнча айылдык кењештердин иштерин камсыздоого байланыштуу
жалпы чыгымдар 230,5 млн. сомду түзөт.
Ресурстардын жетишсиздигинен жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жыл
сайын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
региондордогу бюджеттик мекемелердин муктаждыктарын 50-60 процентке
камсыздай тургандыгын көњүлгө алуу керек жана бюджеттик мекемелердин
кызматкерлеринин эмгек акысы жана Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча
карыз 2006-жылдын 1-августуна карата 74,9 млн. сомду, алардан эмгек
акы боюнча — 36,7 млн. сомду, Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча —
32,2 млн. сомду түзөт, 491,0 млн. сом суммасындагы кредитордук карыз,
анын ичинде медикаменттерге төлөө боюнча - 6,6 млн. сом, тамак-аш
боюнча — 10,8 млн. сом төлөнө элек.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин
маалыматы боюнча 2,5 млрд. сом жалпы суммасында финансылык ресурстар
менен бекемделбеген нормативдик документтер бар.
Жогоруда баяндалгандарды жана республиканын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын дээрлик 90 проценти дотациялуу экендигин эске
алуу менен айылдык (поселкалык) кенештердин төрагапарын жана алардын
аппараттарын күтүүго кошумча финансы каражаттарын издөө кыйынчылык
жаратат. Финансы ресурстарынын жоктугу айылдык кењештердин иштерин
камсыз кылууга байланыштуу көрсөтүлген проблемалардын ез учурунда
чечилбей калышына алып келиши мүмкүн, бул айыл өкмөт башчылары менен
айылдык кењештердин төрагаларынын ортосунда жањжалдуу кырдаалды
жаратып, социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүге терс таасир
тийгизип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин
натыйжалуулугун төмөндөтөт.
Ошондой эле 2007-жылдын 1-январынан тартып айыл өкмөт башчылары
менен айылдык кењештердин төрагаларынын ыйгарым укуктарына чектөө
киргнзүүге Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
иштери боюнча улуттук агенттиги, Кыргыз Республикасынын айылдарынын
жана поселокторунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар
ассоциациясы да каршы экендигин белгилей кетүү керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иш милдетгерге мындай чектөө киргизүү
мөөнөтүн жалпы эл тарабынан шайланган баштапкы дењгээлдеги жергиликтүү
өз алдынча башкармалыктардын башчыларынын ыйгарым укуктары бүткөндө,
тагыраак айтканда 2010-жылдын Ьянварынан тартып аныктоо туура болот
деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу азыркы убакта киргизилген
мыйзам долбоорун кабыл алууну токтотуп туруу максатка ылайыктуу деп
эсептейм.
Премьер-министр Ф.Кулов