Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-августундагы № 636
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ж.Ж.Сатыбалдиев
демилге көтөргөн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
30-августундагы 2006-жылдын №11-57/27 Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты Ж.Ж.Сатыбалдиев демилге көтөргөн "Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна таянып, аны
тмөнкүдөй негиздер боюнча кабыл алуу ылайыксыз деп эсептейт.
Бул Мыйзамдын долбоорунда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 31-статьясынын үчүнчү, атап айтканда "Райондук кењештин
төрагалары жана алардын орун басарлары өз милдеттерин коомдук негизде
аткарышат" деген бөлүгүн алып салуу сунушталат.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23 жана 29-1-
статьяларына ылайык райондук кењештердин, анын ичинде алардын
төрагаларынын ыйгарым укуктарынын жана функцияларынын көлөмү чектелген
жана минималдуу, андан тышкары жергиликтүү кењештердин сессиялары
кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Мында Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган Мыйзамына мындай
өзгөртүүлөрдү киргизгенде 80 штат ачуу жана кошумча финансылык каражат
табуу зарылдыгы жараларын белгилеп коюш керек. Баштапкы эсептөөлөр
боюнча райондук кењештердин төрагаларынын жана алардын орун
басарларынын эмгек акысына эле жыл сайын республикалык бюджеттен 14,6
млн. сомдон ашык кошумча финансылык каражат табуу керек болот.
Азыркыдай финансылык абалда мынча каражат табуу кыйын.
Жыл сайын жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө Кыргыз Республикасынын
Экономика жана финансы министрлиги ресурстун чектелүүлүгүнө
байланыштуу региондордогу бюджеттик мекемелердин керектөөлөрүн 50-60
процентке жана камсыздаарын эске алыш керек. Региондордогу бюджеттик
мекемелердин кызматкерлерге эмгек акы жана Кыргыз Республикасынын
социалдык фондуна которуулар боюнча береселери 2006-жылдын 1-августуна
карата 74,9 млн. сомду түзөт, мунун ичинен эмгек акы боюнча - 36,7
млн. сом, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар боюнча -
38,2 млн. сом карыз. 491,0 млн. сом кредитордук карыз жоюла элек, анын
ичинде медикаменттерге төлеө боюнча — 6,6 млн. сом, тамактануу боюнча
- 10,8 млн. сом карыз.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин
маалыматы боюнча азыр финансылык ресурстар менен камсыздалбаган 2,5
млрд. сомдук нормативдик документтер бар.
Ушул айтылгандарды жана бюджеттик каражаттардын тартыштыгын эске
алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул киргизилген мыйзамдын долбоорун
кабыл албаса болот деп эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов