Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 520
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (мындан арыӨкмөттүн грамотасы) кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, демократиялык коомдункалыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымын, ошондой эле экономикалык,социалдык, гуманитардык жана башка иштердин түрлөрүндө Кыргызстандынмамлекетине жана элине сињирген эмгегин таануу белгисинде Кыргыз Рес-публикасынын жарандарын, уюмдарын сыйлоо формасы болуп саналат. Өкмөттүн грамотасы менен чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле жаран-дыгы жок адамдар, эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасына сињирген эмге-ги үчүн сыйланышы мүмкүн. 1. Өкмөттүн грамотасы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү тарабынан уюштурулат. Сыйлангандарга Өкмөттүн грамотасы менен бирдикте Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн ардак белгиси ыйгарылат. Өкмөттүн грамотасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардакбелгисинин сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекити-лет. 2. Өкмөттүн грамотасы менен сыйлоо жөнүндө чечим Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн буйругу менен кабыл алынат. 3. Өкмөттүн грамотасы менен сыйлоо жөнүндө жолдомо ишканалардын,мекемелердин, уюмдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынжамааттары тарабынан демилге кылынат жана облустардын мамлекеттик адми-нистрацияларына, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча баш-кармалыктарына же болбосо алар менен макулдашуу боюнча тийиштүү минист-рликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволоргожана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына жиберилет. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын, Кыр-гыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жарандык персоналын сыйлоожөнүндө өтүнүч жолдомолорду берүүнүн тартиби тиешелүү аткаруу бийликоргандары тарабынан аныкталат. Өкмөттүн грамотасы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч жолдомолор бел-гилүү, юбилейлик даталарга, кесиптик майрамдарга байланыштуу демилгекылынат. 4. Сыйлоо жөнүндө өтүнүч жолдомолор жеке адамдар жана юридикалыкжактар, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдары тарабынан көтөрүлүшүмүмкүн. Өтүнүч каттар ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн башка документ-тер Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына жиберилет. 5. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаар-ларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары, министрликтер, мамле-кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, ошондой эле укук кор-гоо органдарынын тиешелүү аткаруу бийлик органдары сыйлоо жөнүндөөтүнүч катты коллегиалдуу карашат жана сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республи-касынын Премьер-министринин Аппаратына сунуш жиберишет. Сыйлоо жөнүндөсунушту министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин же администрациялыкведомстволордун жетекчилери, облустардын мамлекеттик администрация баш-чылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери бериши мүмкүн. 6. Өкмөттүн грамотасы менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн до-кументтердин тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт: - ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясийпартиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жамааттарын сыйлоожөнүндө өтүнүч катты, анда Өкмөттүн грамотасы менен сыйлоо үчүн негизболуп саналуучу алардын иштери жана жетишкендиктери тууралуу маалымат-тар камтылат; - сыйлануучу адамды сунуштоо, анын эмгек ишмердиги тууралуу маа-лымкат, мурдагы сыйлыктары жөнүндө маалымат; - чогулуштардын протоколдору, коллегиалдуу органдардын (коллегия-луу орган жок болсо - жетекчинин чечими) сыйлоого көрсөтүү жөнүндө че-чими. 7. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын кызмат-керлерин сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттар Аппараттын тиешелүү башкармалык-тары, бөлүмдөрү тарабынан демилге көтөрүлүшү мүмкүн. Сыйлыкка көрсөтүүКыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Биринчивице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри жа-на Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси -министр тарабынан ишке ашырылат. 8. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды, эл аралыкуюмдарды сыйлыкка көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-рлиги менен макулдашуу боюнча жалпы негиздерде киргизилет. 9. Облустардын мамлекеттик администрацияларында, Бишкек жана Ошшаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, министрлик-терде, мамлекеттик комитеттерде, администрациялык ведомстволордо сыйлоожөнүндө өтүнүч каттарды кароо мөөнөтү алар келип түшкөн күндөн тартыпбир айдан ашпоого тийиш. Сыйлыкка көрсөтүлгөн сунуштарды кароо мөөнөтү Кыргыз Республикасы-нын Премьер-министринин Аппаратында алар келип түшкөн күндөн тартып бирайдан ашпайт. 10. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тие-шелүү башкармалыктары, бөлүмдөрү буйруктун долбоорун даярдайт жана Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет. Өкмөттүн грамотасы менен сыйлоодо баш тартылган учурда сыйлыккакайталап көрсөтүү баш тартылган күндөн тартып бир жылдан кийин киргизи-лиши мүмкүн. 11. Өкмөттүн грамотасын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жеболбосо анын тапшыруусу боюнча: Кыргыз Республикасынын Биринчи ви-це-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри жанаКыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси - ми-нистр, министрлер, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомс-тволордун жетекчилери, облустардын мамлекеттик администрация башчылары,Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери тарабынан тапшырылат. 12. Өкмөттүн грамотасы сыйлоо жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн буйругу чыккан күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен сый-лангандарга салтанаттуу кырдаалда тапшырылат. 13. Өкмөттүн грамотасы бир эле адамга же уюмга эки жолу тапшырылы-шы мүмкүн эмес. Өкмөттүн грамотасы менен Кыргыз Республикасынын жаранынсыйлоо жөнүндө маалымат ошол адамдын иштеген жери боюнча ишкананын,уюмдун кадрдык кызматы тарабынан сыйлангандардын эмгек китепчесине кир-гизилет. 14. Өкмөттүн грамотасы менен сыйлангандардын эсебин алуу жана кат-тоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын региондуксаясат жана мамлекеттик кызмат боюнча башкармалыгы тарабынан ишке ашы-рылат.