КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 6-сентябрындагы № 485 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 17-августундагы № 591 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуунун улуттук саясаты" программасы жөнүндө Тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоону жана калкты иш мененкамсыз кылууну жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентитарабынан коюлган артыкчылыктуу милдеттерди чечүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш мененкамсыз кылуунун улуттук саясатынын" тиркелген программасы жактырылсын. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялыкведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жанаОш шаарларынын мэриялары: - "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсызкылуунун улуттук саясаты" программасын аткаруунун жүрүшү тууралууКыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына квартал сайынмаалымат берип турушсун; - ар бир жылдын жыйынтыктары боюнча келерки жылга Программанын иш-чараларын тактоо боюнча сунуштарды киргизишсин. 3. "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуунун улуттук саясатынын долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-мартындагы № 126 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүүбашкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов