Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 5-сентябрындагы № 637
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Бишкек шаарынын Кыргыз Республикасынын Чүй
облусунун администрациялык борбору катары аныктоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү
киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64 жана 58-статьяларына
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Бишкек шаарын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун
администрациялык борбору катары аныктоо жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасыкын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) бул мыйзам
долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов