Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-сентябры № 638 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин коргоо жана пайдалануу жөнүндө "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексининмаанилүүлүгүн эске алып жана жаратылыштык-корук фондусунун объекттерин,анын аймагындагы тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу,ошондой эле күтүү жана пайдалануу режимин "Тарыхый-маданий мурастардыкоргоо жана пайдалануу жөнүндө" жана "Өзгөчө корголуучу жаратылыш ай-мактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Ош шаарынын аймагында жайгашкан "Сулайман-Тоо" улуттук тары-хый-археологиялык музей комплексинин корголуучу зонасынын чегарасы кы-зыл линиянын чектеринде батыш багытында: Г.Айтиев көчөсү боюнча Курман-жан-Датка көчөсүнөн А.Навои көчөсүнө чейин, чыгыш багытында: А.Навоикөчөсү боюнча Г.Айтиев көчөсүнөн Курманжан-Датка көчөсүнө чейин, түштүкбагытында: Курманжан-Датка көчөсү боюнча А.Навои көчөсүнөн Г.Айтиевкөчөсүнө чейин бекитилсин. 2. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексининкорголуучу зонасына Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнчамамлекеттик органы жана маданият боюнча мамлекеттик органы менен ти-йиштүү түрдө макулдашуусуз курулуштун бардык түрлөрүнө тыюу салынсын. 3. "Ош бириктирилген тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө"Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин жана КыргызССР Министрлер Советинин 1982-жылдын 23-апрелиндеги N 242 токтому күчүнжоготту деп табылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов