КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-сентябры № 639 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана Кыргыз Республикасынын жаран-дарын четөлкөдө жумушка орноштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамле-кеттик саясатын жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары-на бош жумуш орундарын ээлөөдө артыкчылыктуу укуктарды камсыз кылуу жа-на "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ат-каруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөр бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жа-рандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндөжобо; - Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө жумушка орношту-руу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы №631 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк граждандардын жанаграждандыгы жок адамдардын эмгек миграциясын жүргүзүү тартиби жөнүндөЖобону, Кыргыз Республикасынын граждандарын анын чегинен тышкары жумуш-ка орноштуруу иштерин жүргүзүп жатышкан жеке адамдардын жана юридикалыкжатардын иштөө тартиби жөнүндө Жобону жана жумушка тартылган четөлкөлүк жумушчуларды жана Кыргыз Республикасынын мигрант-эмгекчилеринтуруктуу жашап жаткан өлкөсүнө кайра жиберүү үчүн кепилдүү төгүмдөрдүтөлөө эрежелеринин шарттарын жана өлчөмдөрүн бекитүү тууралуу" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-октябрындагы №417 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк граждандардын жанаграждандыгы жок адамдардын ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо-ну, Кыргыз Республикасынын граждандарын анын чегинен тышкары жумушкаорноштуруу иштерин жүргүзүп жатышкан жеке адамдардын жана юридикалыкжактардын иштөө тартиби жөнүндө Жобону жана жумушка тартылган четөлкөлүк жумушчуларды жана Кыргыз Республикасынын мигрант-эмгекчилеринтуруктуу жашап жаткан өлкөсүнө кайра жиберүү үчүн кепилдүү төгүмдөрдүтөлөө эрежелерин, шарттарын жана өлчөмдөрүн бекитүү тууралуу" токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому. 3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-кеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жыл сайынчетөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жалпысынан жана кесип топтору боюнчаквотаны белгилөө жөнүндө сунуштарды киргизсин. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынМиграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов