Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-августундагы № 558 токтому менен бекитилген Айыл жерлеринде жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына ат жана ат-арабанын ордуна акчалай компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1.1. Бул Жобо "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оорукэмгекчилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айыл жерлериндежашаган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарын тиешелүү ат жана ат-арабаменен камсыздоо бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. 1.2. Акчалай компенсация (мындан ары текст боюнча - компенсация)2006-жылдан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына ат жанаат-арабанын ордуна төлөнөт. 1.3. Компенсация Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына 7 жылдабир жолу республикалык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын ко-рутундусунун негизинде төлөнөт. 1.4. Компенсация акчалай түрдө 20,0 мињ сом өлчөмүндө төлөнөт. 2. Акчалай компенсация белгилөөнүн жана төлөөнүн тартиби 2.1. Компенсация Улуу Ата Мекендик согуштун майыбына анын жазуужүзүндөгү арызы боюнча төлөнөт. 2.2. Компенсация төлөө жөнүндө арыз Улуу Ата Мекендик согуштун ма-йыптары тарабынан жашаган жериндеги райондук социалдык коргоо башкарма-лыгына берилет. Арызга ал берилген күндү көрсөтүү менен Улуу Ата Мекен-дик согуштун майыбы өзү кол коет. 2.3. Арызга милдеттүү түрдө төмөнкүдөй документтер тиркелет: а) Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы биринчи ирет кайрылганда: - ат жана ат араба алууга майыптын медициналык көрсөткүчтөрү барэкендиги тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутун-дусу; - Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын күбөлүгүнүн көчүрмөсү; -паспортунун көчүрмөсү (анкета баракчасы, жашаган жери боюнча катталган-дыгы тууралуу баракча - каттоосу); - жашаган жеринен справка; б) 7 жети жылдык пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин экинчи иреткайрылганда: - паспорт (өзү көрсөтөт); - жашаган жеринен справка. 2.4. Арыздарды кароонун тартиби Кыргыз Республикасынын Эмгек жанасоциалдык жактан коргоо министрлиги тарабынан белгиленет. 2.5. Компенсацияларды төлөө Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынынбелгиленген үлгүдөгү күбөлүгүн жана паспортун көрсөтүү боюнча Улуу АтаМекендик согуштун майыбы жашаган жериндеги почталык байланышбөлүмдөрүндө жүргүзүлөт. 2.6. Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы каза болсо таризделип, би-рок алынбай калган акчалай компенсация ал өлгөн күнгө чейин бирге жаша-ган (катталган) үй-бүлө мүчөлөрүнө алар майып өлгөн күндөн тартып 6 ай-дын ичинде социалдык коргоонун аймактык органдарына кайрылган учурдатөлөнөт. 2.7. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыбынын үй-бүлөмүчөлөрүнө компенсация төлөөнү тариздөө үчүн райондук социалдык коргообашкармалыгына компенсация алуучунун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүнкөчүрмөсүн, нике жөнүндө күбөлүктү (жесилдер жана жесирлер үчүн), туул-гандыгы тууралуу күбөлүктү (балдары жана неберелери үчүн), паспорттункөчүрмөсүн (анкета баракчасы, жашаган жери боюнча катталгандыгы жөнүндөбаракча - каттоосу), катталгандыгын жана бирге жашагандыгын тастыктоочужашаган жеринен справканы тиркөө менен арызын бериши керек. 2.8. Үй-бүлө мүчөлөрүнө бул төлөмдү кайра тариздөө үчүн социалдыккоргоо башкармалыгында компенсация алууга укуктуу жењилдиктер берилүүчүөлгөн адамга байланыш бөлүмдөрү боюнча ведомость түзүлөт жана үй-бүлөмүчөлөрүнө компенсация төлөөгө ведомость толтурулат. 3. Каржылоо булактары 3.1. Компенсацияларды төлөөнү, ошондой эле аны төлөөгө жана жет-кирүүгө байланыштуу бардык чыгымдарды каржылоо булагы республикалыкбюджет болуп саналат. 4. Контроль 4.1. Облустук жана райондук социалдык коргоо башкармалыктарынын,ошондой эле "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын облустук жана ра-йондук филиалдарынын жетекчилери ат жана ат-арабанын ордуна акчалайкомпенсация белгилөөнүн жана төлөөнүн тууралыгы үчүн жекече жоопкерчи-лик тартышат. 4.2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлигине ат жана ат-арабанын ордуна почта бөлүмдөрү тарабынантөлөнгөн акчалай компенсациялардын суммасынын туура келишин текшерүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар ми-нистрлигинин "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын подразделениеле-рин иргеп текшерүү жүргүзүүгө укук берилет. 4.3. Ат жана ат-арабанын ордуна акчалай компенсация төлөөгө багыт-талган бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга контролдукту Кыр-гыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги ишкеашырат.