Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8-сентябры № 643
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында
полиграф (калптын детекторун) киргизүү боюнча
сынамык долбоор жүргүзүү жөнүндө
Коррупцияга каршы күрөштү андан ары күчөтүү, коррупциялык
көрүнүштөрдү жараткан себептерди жана шарттарды жоюу, мамлекеттик ор-
гандарда тартипти чыњдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-
пекциясында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
бажы инспекциясында полиграф (калптын детекторун) киргизүү боюнча сына-
мык долбоор жүргүзүлөрү жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук
агенттиги (макулдашуу боюнча) сынамык долбоорду ишке ашыруу үчүн ке-
ректүү техникалык жабдуулар менен камсыздоо максатында эл аралык уюм-
дарды тартуу боюнча зарыл иштерди жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-
пекциясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясы кызматкердин ага тапшырылган ишке ылайыктуулугуна сыноо
жүргүзүүдө жана бажы жана салык органдарынын кызматкерлеринин адистик
сапаттарын текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-
раты менен алдын ала макулдашылган графикке жараша полиграфты (калптын
детекторун) пайдаланышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук
агенттиги (макулдашуу боюнча) алынган жыйынтыктарды жалпыласын жана
Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарында полиграфты (калп-
тын детекторун) колдонуу боюнча андан аркы иштерди белгилөө үчүн Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов