Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-сентябры № 644 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-жылдын 19-майында Минск шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулукка мүчө-мамлекеттердин рынокторунда продукциялардын жүгүртүлүшүнүн бирдиктүү белгисин колдонуу жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишим-дери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларыжөнүндө" мыйзамдарына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2006-жылы 19-майда Минск шаарында кол коюлган Евразиялык эконо-микалык коомчулукка мүчө-мамлекеттердин рынокторунда продукциялардынжүгүртүлүшүнүн бирдиктүү белгисин колдонуу жөнүндө тиркелген Макулдашуубекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуукүчүнө кириши үчүн зарыл мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Респуб-ликасы аткаргандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык коомчулуктун Интег-рациялык комитетине кабарласын. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов